Кыргызстанда тыйын акчалар менен төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткандарга мыйзам чегинде акчалай айып салынат. Бирок “Клооптун” кабарчыларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй көптөрү андан сестенбей келет — көпчүлүк учурларда тыйындар менен төлөө мүмкүн эмес экени белгилүү болду.
“Клооптун” кабарчылары жол акысы үчүн 50 тыйындык номиналдагы акча менен төлөгөнгө аракет кылышканда Бишкектеги №238 маршруткасынын айдоочусу аларды кууп чыккан.
Ал “кадимки акча” талап кылган. Эч нерсе ала албасына көзү жеткен айдоочу маршрутканы токтотуп, кабарчылардын түшүп кетүүсүн талап кылган.
Ушул сыяктуу окуяга кабарчылар Бишкектин дарыканаларынын биринде да дуушар болушкан. 8 сомдук аналгинди 50 тыйындык тыйын акчалар менен төлөөгө аракет кылышканда, сатуучу тыйындарды сомдорго почтадан алмаштырып келүүлөрүн сунуш кылган.
“Удача” такси кызматынын диспетчери төлөм майда тыйын акчалары менен берилерин укканда заказ алуудан баш тартып тыйындарды банктан айырбаштап алуусуна кеңеш берген.
Тыйын — кыргыз сомунун жүздөн бири — Кыргызстандын майда металл акчасы болуп саналат. 2008-жылга чейин тыйындар кагаз түрүндө гана чыгып келген.
Кагаз түрүндөгү тыйын акчалар кезинде эле көпчүлүк соода түйүндөрүндө аны акча катары кабыл алышчу эмес.
Бүгүнкү күндөрдө сары түстөгү тыйын акчалар Бишкек шаарынын ири супермаркет түйүндөрүндө, соода борборлорунда жана ошондой эле автого күйүүчү май куюу тармактарында эч кандай көйгөйсүз кабыл алынып, ал тургай тыйын акчалар менен кайрылып берилет.
“Клооптун” кабарчыларынан алгач кабыл алгысы келбей, андан соң көнгөн жападан жалгыз жай бул-Кыргыз драма театры болгон. Кассир 100 сом баасындагы үч билетти 50 тыйындык номиналдагы акчалар менен алган.
Тыйындар жакында жоголот
Кыргызстан Улуттук банкынын акча агымын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Кылычев 10 жана 50 тыйындык номиналдагы металл акчалар Кыргызстан жергесинде төлөө каражаты болуп саналгандыктан бардык жерде милдеттүү түрдө кабыл алынышы керек дейт.
“Республикабыздын чарба жана соода мекемелери бул номиналдарды төлөм катары милдеттүү түрдө кабыл алып, кийин коммерциялык банктарга өткөрүп берүүлөрү тийиш”, — дейт Кылычев.
Бирок сатуучулар муну кардарлардын 10 жана 50 тыйындык акчаларды кабыл алгылары келбей жатышкандыгы менен түшүндүрүшүүдө.
Кылычев бара-бара тыйындар жоголорун, жаңы үлгүдөгү тыйындар жасалбай калгандыгын жана ошондой эле коммерциялык банктар тыйындарды улуттук банкка тапшырган соң кайра айланууга берилбестигин билдирди.
Улуттук банк мындай көрүнүштү Кыргызстанда 50 жана андан төмөн тыйындык баадагы товарлардын жоктугун айтып, тыйынды колдонуу муктаждыгы болбогондугу менен түшүндүрөт.
Өлкөдө экономикалык ишкердик мамлекеттин кол алдында болбой, мамлекеттик көзөмөлгө алынбагандыктан сатуучулар кардарлардан “майда акчаны” кабыл алышпайт деп эсептейт экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев.
“Эч ким жазаланбайт. Жазасыздык мыйзамды аткарбагандыкка алып келет”, – дейт ал.
Эксперт “Клоопко” тыйындар өлкөбүздүн майда валютасы үчүн керек, себеби товарлардын өздүк баасын чыгарууда “бардык майда-чүйдөлөргө” чейин эсепке алынарын айтты.
“Биздин сомдорду тыйынсыз элестетүүгө болбойт”, -дейт Сарыбаев
Тыйынды кабыл алуудан баш тарткандар административдик жоопкерчилик боюнча Кодекстин 326-статьясын бузат. Анда улуттук валютаны кабыл алуудан баш тарткандарга 5 тен 30 га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып салынары көрсөтүлгөн.
Эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү 100 сомду түзөт, бул Жогорку Кеңештин токтому менен 2006-жылдын 15 июнунда бекитилген.
Урматтуу окурмандар, сиздер сатуучулардын тыйындарды кабыл алуудан баш тартуусуна кандай мамиле кыласыздар? Эгерде сиздердин 50, 10 тыйындык акчаларыңыздарды кабыл албай коюшса “Клооптун” редакциясына +996 770 733 003 телефон номери аркылуу байланышыңыздар, же төмөн жакка оюңуздарды билдириңиздер.
Авторлор: Илья Каримжанов жана Бегимай Бекболотва
Которгон: Урмат Борченов
Редактор: Бектур Искендер
Фото: Elf