Жазгы ташкындардан жабыркагандарга 200 миң сом берилет

Кыргызстандын түштүк облустарынын бийликтери суу ташкындарынан улам келип чыккан чыгашаларды эсептеп жатышат. Үйлөрү авариялык абалга келген жашоочуларга узун мөөнөткө 200 миң сомдук ссудалар берилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөнүн түштүгүндөгү апрелдин ортосунан башталган суу ташкындары алып келген чыгашаларды эсептөө менен алек.

Жалал-Абад облусунда селден Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунундагы 3670 үй бүлө жапа чеккен.

Ош облусунда Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондорундагы үйлөр суу астында калган.

Баткен облусунун Лейлек районунда 300 үй суу астында калган, дагы башка райондордогу жоготуулар жөнүндө азырынча белгисиз.

Ошондой эле Ош жана Баткен облустарындагы жабыркагандар боюнча так маалымат жок.

ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Аскаров «Клоопко» авариялык абалдагы үйлөр ээлеринин макулдугу менен сүздүрүлөрүн билдирди.

«Азыр департамент үйлөрдүн абалын текшерүүдө, өкмөткө багыттала тургандардын тизмеси түзүлүп жатат», — дейт Аскаров.

Анын айтымында, капиталдык ремонт керектелгендерге өкмөт кыска убакыт ичинде финансылык каражат бөлүп берет. Ал эми үйлөрү авариялык абалга келген жарандарга 20 жылга 200 000 сом өлчөмүндө ссуда берилет.

Учурда ӨКМ жабыркагандарга чатырларды берген.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Жумагазиев Ош облусу юоюнча чыгашалар 40 миллион сом түзгөнүн айтты.

«Азыр ссудалар кимге берилери жөнүндө тизме түзүлүп жатат», — дейт Жумагазиев.

Жалал-Абад облустук администрациясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев 2800 үй суу астында калганын айтты.

«Суу астындагы калган үйлөр — бул чоң проблема. Сузак каналынын жанындагы Жаңы Дыйкан айылында 108 үйдү суу каптаган, эми жашоочулар райондун атайын фондундагы айдоо жерлеринен тилкелерди сурап башташты» — дейт Исаев.

Анын сөзүнө караганда, ӨКМдин атайын комиссиясы суу ташкындарынын кесепетине баа берет.

«108 үй бүлөнүн баарына ссуда берели десек, бул 20 миллиондон ашып кетет. Канча үй жарактан чыкканын эми ӨКМдин мониторинг бөлүмү чечет. Азырынча менде так маалымат жок. Учурда адамдар туугандарыныкында же чатырларда жашап жатышат», — дейт Исаев.

Жаздын келиши менен Кыргызстандын түштүгүндө кардын эриши жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкындары башталган. Селден Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айылдары жабыр тарткан.

Автор: Гүлзара Бакаева

Которгон: Урмат Борченов

Редактор: Улугбек Акишев