АФК президентинин Кубогун «Дордой» жеңиштен баштады

АФК президентинин Кубогунун квалификациялык оюндарын «Дордой» клубу жеңиштен баштады. Непалдын чемпиону «Непал Полис Клаб» 5:1 упай менен утулуп калды. Мирлан Мурзаев үч жолу гол киргизип, мыкты хет-трик көрсөтө алды.

«Дордой» оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле демилгени өз колуна алып, матчтын үчүнү мүнөтүндө Мурзаев алгачкы голду киргизди.

Вадим Харченконун жардамы менен тогуз мүнөттөн кийин Каюмжан Шарипов экинчи гол киргизди.

Матчттын 14-мүнөтүндө Харченко пас берип, Мурзаев «Дордойго» дагы бир упай алып келди.

Биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө «Дордойдун» коргоочусу Даниэл Тэго эреже бузуп, «Полис Клабдын» жарым-коргоочусу Парват Пандей пентальтиден гол кигизип, командасына алгачкы упайды алып келди.

63-мүнөттөгү Мурзаевдин дагы бир голун непалдык дарбазачы Ритеша Тапа кармай албады.

Азамат Байматов 70-мүнөттө гол киргизип кыргызстандыктардын жеңишин кол жеткис бийиктикке көтөрдү.

Үйдөгү чемпионаттарда команда бир аз эркин болуп ойношот, ал эми азыр турнирдеги жоопкерчиликтен тартынып, карманып турушат, дейт матчттан кийин «Дордойдун» башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков

Аптап жана нымдуулук

Азия футбол конфедерациясынын турнирлерди өткөрүү бөлүмүнүн менеджери Павел Лузановдун айтымында, оюнчуларга Камбоджанын борбору Пномпендеги абанын ысыгы жана нымдуулук тоскоолдуктардын жаратып жатты. Бардык квалификациялык матчттарды «Дордой» Камбоджада ойнойт.

Анын пикиринде, биринчи таймдын аягында «Дордой» атаандаштарына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк берип койду.

«Олуттуу мамиле жасабай, согончоктору менен ойноп башташты, бирок убагында өзүнө келишти», — дейт Лузанов «Клоопко» берген маегинде.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогу — Азия мамлекеттери арасында жыл сайын өткөрүлчү турнир.

Кийинки квалификациялык оюндарда «Дордой» Бутандык «Йидзин» менен 7-майда жана 9-майда «Пномпень Краун» менен беттешет.

«В» тобундагы «Дордойдун» башкы атаандашы «Пномпень Краун» клубу. Бул клуб квалификация оюндарындагы алгачкы матчында «Йидзинин» дарбазасына сегиз гол киргизип, жеңишти илип кетти.

Квалификациялык оюндарда үч топко бөлүнгөн 10 клуб беттешет.

Ар бир топтон мыкты эки клуб турнирдин финалдык бөлүгүндө беттешет. Финал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтөт.

АФК президентинин Кубогунун тарыхында «Дордой» эң ийгиликтүү клубдардын бири.

«Дордой» 2006 жана 2007-жылдары турнирдин жеңүүчүсү аталган, мындан сырткары төрт жолу финалга чыккан.

Автор: Бектур Искендер

Фотодо: «Дордой» матчтын алдында, автор: Павел Лузанов