Казакстанда жол кырсыгы: кээ бир маалыматтар боюнча Кыргызстандын 16 жараны каза болду [16:30 жаңыланды]

Казакстандын Караганда облусундагы жол кырсыгында 16 жүргүнчү каза болду. Маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары Кыргызстандын жарандары.

16:30 Тышкы иштер министрлигин маалыматы боюнча, каза болгондордун баары Орусиянын Крансоярск облусуна бара жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары болгон.

12.00
Авария Алмата-Астана авто жолунун 747-километринде 8-майда түнкү саат 01:45 болду.

«Ссанг Йонг» үлгүсүндөгү микроавтобус КамАЗ жүк ташуучу авто унаасы менен кагылышкан дейт РИА «Новости» кабар агенттиги, Казакстандык өзгөчө кырдаалар министрлигине шилтеме жасап.

Казакстандагы Кыргызстандын консулу Уланбек Тотуяев «Клоопко» берген маегинде, авто унаалардын кагылышуусунан 16 адам каза болуп, экөө ооруканага жетикирилгендигин маалымдады.

Каза болгондордун баары Кыргызстандын жарандары — Орусияга бара жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун тургундары деген маалыматтар бар.

Консулдун айтымында, каза болгондордун жарандыгы тактала элек, анткени транспорттук полиция жүргүнчүлөрдүн миграция кагаздарын гана текшерүүгө үлгүргөн.

«Казакстандын ИИМ жабыр тарткандардын жарандыгы тууралуу так маалымат бериши керек. Кырсык болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат», — дейт Тотуяев.

Кененирээк маалыматты 8-майда түштөн кийин берээрин кошумчалады.

Жарадар болгон эки жүргүнчү Балхаш шаарынын ооруканасына жеткирилди.

«Закон.кз» маалымат кызматы Казакстандык жол полициясына шилетеме жасап 30 жаштагы минивэендин айдоочусу рулду башкара албай, туура эмес жол тилкесине чыгып 35-жаштагы Алматаныны тургуна айдап келе жаткан КамАЗды сүзүп алган деп кабарлады.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Раим Досункулов

Редактор: Бектур Искендер