Бажы кызматкерлерин сыноо биринчи жолу ММКлардын катышуусу менен өтөт


Мамлекеттик бажы кызматкерлеринин аттестациясы ММКлардын катышуусу менен өткөрүлөт. Медиа-серепчилердин айтымында ММКлардын катышуусу сынактын “таза” өтүшүнө өбөлгө түзөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, кызматкерлерди аттестациялоо биринчи жолу ММКнын катышуусу менен өтөт. Сынак 22-майда болот.

ММКлардын катышуусу бажы кызматын реформалоо процессинин алкагында болуп жатат, дейт Кулматов.

Анын айтымында, ар бир кызматкер «ишмердүүлүгү коомчулуктун тескөөсү алдында экенин» унутпаш керек.

Сынак өткөн бөлмөдө сегиз видео камера орнотулат, ММК өкүлдөрү мониторлор аркылуу баарын байкай алышат, дейт МБКнын төрагасы.

Медиа-серепчи Марат Токоев бажы кызматынын мындай демилгесин колдойт. Анын айтымында, мындай кадамдар аттестациянын «таза» өтүшүнө өбөлгө түзөт.

«Массалык маалымат каражаттарынын негизги милеттеринин бири — өкмөттүк деңгээлде кабыл алынып жаткан чечимдердин тазалыгын камсыз кылуу», — дейт Токоев.

Мамлекеттик кызматкерлерди баалоодогу ММКлардын таасири жөнүндө айтуу али эрте, дейт медиа-серепчи Александр Кулинский.

«Жыйынтыктарга кескин түрдө таасир этет деп айта албайм. Бирок, сыноо процессинин кайсы бир деңгээлде таза өтүүсүнө өбөлгө түзөт», — дейт Кулинский.

Сынакты интернет аркылуу көрсөтсө да жакшы болмок деп серепчи кошумчалады.

400дөй бажы кызматкери аттестациядан өтөт.

МБКнын биринчи орун басары Замирбек Малабеков жылдын аягына чейин Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун бажы кызматкерлери да сынактан өтөөрүн маалымдады.

Сынак үч миң суроодон туруп, 2007-жылдан бери биринчи жолу өткөрүлөт дейт Малабеков.

Бажы кызматкерлерин сыноо эки багыт боюнча өткөрүлөт — Конституция жана мыйзамдар боюнча жалпы суроолор; кызмат ордуна жараша атайын суроолор.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Улугбек Акишев