Иликтөө: Автоинспекция жолдо жүрүү эрежелерин бузуу менен айдоочуларга айып салууда

Кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору «зарыл кызматтык тапшырма» убагында жол эрежелерин буза алышат. Мында алар маяктарын күйгүзүп алуусу шарт жана башка айдоочуларды токтотпоосу керек. «Клооптун» изилдөөсү бул нормалар милиционерлер тарабынан бузулуп жатканын көрсөттү.

Кыргызстанда жолдо жүрүү эрежелери «атайын техникалардан» башка транспорттун бардык түрлөрү үчүн бирдей.

Жолдо жүрүү эрежелеринин 3-пункту «ыкчам аракет жана атайын кызматтардын айдоочуларына» «зарыл кызматтык тапшырма» убагында кээ бир эрежелерге баш ийбегенге уруксат берет.

Бул учурда ал транспортто көгүлтүр маякча жана кээ бир учурларда үн сигналы да күйгүзүлгөн болушу керек. Бул, мисалы, милиция же тез жардам унаасы светофордун кызыл түсүнө өтүүгө аргасыз болгон учурларда болушу мүмкүн.

«Клооптун» кабарчыларынын изилдөөсү кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору бул норманы көпчүлүк учурда бузушкандыгын көрсөттү.

Адатта алар өзүнүн кызматтык унааларын токтоого тыюу салынган жерлерге коюшуп, маяктарын күйгүзбөстөн айдоочуларды токтото беришет.

«Клооптун» кабарчылары 2012-жылдын апрелинин бир нече күнүндө эле мындай көрүнүштөрдүн көбүн байкашты.

Айдоочулар союзунун Бишкек автомектебинин анонимдүү булагына таянсак, мындай учурлар дайыма кездешет.

Анын айтуусу боюнча, кайгуул-күзөт кызматы туура эмес жерде токтоп турган же токтогону жаткан айдоочуларды кетирүү үчүн «токтотууга тыюу салынган» деген белгилерди эске алышпайт.

Айтымында, алар жүрүп бара жаткан машиналарды өзгөчө кырдаалдарда жана маанилүү мыйзам бузууларды байкаганда гана токтотушу керек.

Жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча башкы башкармасынын директорунун орун басары Эдил Балтабаев кызматкерлеринин жолдо жүрүү эрежелерин бузуп жаткандыгы менен макул эмес.

Айтымында, кызматкерлер ал жерлерди өздөрү тандабайт, кайгуул орду башкармалык тарабынан белгиленет.

Балтабаев машинелердин маяктарынын өчүк турганын алардын «тыюу салынган» жерлерде узак убакыт турууга туура келгендиги менен түшүндүрдү.

«Өзүӊөр элестетсеӊер, эгер ал [Кайгуул-күзөт кызматкери] сегиз саат ал жерде күзөт машинесинде маягын жандырып алып турса. […] Маякты күйгүзгөндө, кыймылдаткычты кошо иштетүү керек. Анын жөн гана бензини жетпей калат, балким, бүтүндөй проводу күйүп кетет» — деди Балтабаев.

«Автоинспекция кызматкерлеринин «тыюу салынган» жерлерге туруп алып, айдоочуларды токтотууга укугу барбы» деген суроого Балтабаев так жооп бере алган жок.

Экинчи жолу сураган кезде, автоинспекторго жол эрежелерин бузууга жана башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратканга болбойт деп жооп берди.

Жолдо жүрүү эрежелеринин автоинспекция тарабынан бузулуп жаткан пункттары

Жолдо жүрүү эрежелери жолдо жүрүүнүн бардык катышуучуларына бирдей тартип киргизет.

Бирок, жолдо жүрүү эрежелеринин үчүнчү пункту боюнча ыкчам аракет жана атайын кызматтардын айдоочуларына зарыл кызматтык тапшырма убагында кээ бир жалпы эрежелерди бузууга болот.

Мисалы, кайгуул кызмат машинелери кызматтык тапшырма убагында жашылга гана өтүүгө уруксат берилгендигине карабастан, светофордун кызыл түсүнө көгүлтүр маяктарын күйгүзүп алып, өтө алышат.

«Токтоого тыюу салынат» деген белги турган жолдордун бөлүгүндө, авариялык кырдаалдарда гана айдоочуларга атайын токтоого уруксат берилет.

Мындай учурда, айдоочу өзүнүн унаасынан 15 метр аралыкта «Авариялык токтоо» белгисин (кызыл күйүп-өчүп турган фонарь) орнотуусу зарыл.

Жол белгилеринин талаптарын бузуу үчүн административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 1 бөлүгүнүн 235-беренеси боюнча 300 сом айып белгиленген.


Урматуу окурман, сиз жол инспекторлорунун токтоого тыюу салынган жерлерде өздөрү эреже бузуу менен айдоочуларды токтотушун туура деп эсептейсизби?
Комментарийлериңиздерди төмөнкү форма аркылуу калтырыңыздар.

Авторлор: Илья Каримжанов жана Бегимай Бекболотова

Которгон: Урмат Борченов

Редактор: Бектур Искендер