«Пирамида» менен эски теле алып баруучусу ортосундагы программа талашка түштү

«Пирамида» телеканалы жана анын мурунку теле алып баруучусу Владимир Петухов «Второе я» программасы үчүн соттошкону турат. Аны ар бир тарап өзүнүн интеллектуалдык менчиги катары эсептеп жатат.

Теле алып баруучу Владимир Петухов «Пирамида» телеканалы, директору Марианна Шермур менен бирге анын «Второе я» аттуу автордук программасын менчиктеп алышкан деп эсептейт. Айтымында, ал бул программаны өзү жаратып, патент алып койгон.

«Шермур мени иштөөгө өзү чакырган, бирок жаңы шарттар менен. «Второе я» программасы 27 жолу чыккандан кийин келишим бузулган», — дейт Петухов.

Келишим бүткөн соң шоумен НТС телеканалына өтүп кеткен, бирок ток-шоу «Пирамидада» улана берген.

«Мен НТСке кетип, так ошондой «Другое я с Владимиром Петуховым» деген программаны ачкам. А менин программам дале да болсо «Пирамидада» чыгып жатат, бирок автор мен экеним айтылбай эле», — дейт Петухов.

Петухов НТСте жаңы программасы чыгып баштаганда «Пирамиданын» директорунун милдетин аткаруучу Марианна Шермур ага чалып «телевидениедеги карьераң бүтөт» деп коркуткан.

«Ал мага бардык каналдарды бекитип, мени менен эч ким кызматташпай тургандай кылып салам деп коркутту. Ошентип Шермурдун буйругу менен спонсор менен келишимибиз бузулду. Анысы аз келгенсип, жеке жашоомо да аралашып, аялым менен ажырашканга чейин алып барды», — дейт теле алып баруучу.

Петухов эгер Шермур кечирим сурап, моралдык жана финансылык компенсация бербесе, аны сотко берерин айтты.

Шермур Петуховдун айыптарын четке кагып, эч кандай далил жок экенин айтууда. Анын сөзүнө караганда, Петухов «анын мүмкүнчүлүктөрүн апыртып салган».

«Ал менин мүмкүнчүлүктөрүмдү оголе аша чаптырып жатат. Мен — кичинекей телекомпаниянын жетекчисимин, жана менде бирөөнүн кычкылтегин бууп коюуга эч кандай күчүм жок. Ал болгону профессионалдык талаш болчу», — дейт Шермур.

«Пирамиданын» директору «Второе я» берүүсү телеканалдын долбоору болгонуна, ал эми Петухов аны каналдын креативдүү тобунан — чыныгы авторлорунан сурап турганына ишендирүүдө.

«Биз аны алып баруучу катары чакырдык. Ал кетерин айтып, программаны алып бара албасын айтканда, биз долбоорду убактылуу токтотконбуз. Кийин так ушундай эле программа башка каналда «Другое я» деген ат менен чыгып жатканын билдик, — дейт Шермур.

«Пирамида» телеканалы да Петуховду сотко бергени турат.

Ал эми интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынан Владимир Петухов «Второе я» программасын патентештиргенин билдиришти.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Урмат Борченов

Фото: ELF