Айыл чарба министрлиги: быйыл Кыргызстан акыркы беш жыл ичиндеги рекорддук өлчөмдөгү пахта өндүрдү

Кыргызстан 2011-жылы 100 миң тонна пахта өндүргөн. Айыл чарба министрлигин маалыматы боюнча, бул 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Серепчилердин айтымында, кыргызстандык пахтанын 80% экспорттко кетет.

Акыркы беш жыл ичинде биринчи жолу Кыргызстан 100 миң тоннадан ашык пахта өндүрдү — мындай маалыматтарды «Клоопко» айыл чарба министрлиги берди.

2011-жылдагы пахтанын жылдык өндүрүшү 36% түздү.

2010-жылы Кыргызстанда 74 миң тонна пахта өндүрлсө, 2011-жылы бул көрсөткүч 101,3 миң тоннаны түздү, дейт айыл чарба министрлиги.

Акыркы жолу 2006-жылы гана быйылкыдан көп пахта өндүрүлгөн — беш жыл мурунку көрсөткүчтөр 117 миң тоннаны түзгөн.

2007-жылдан баштап Кыргызстанда өндүрүш кескин түрдө төмөндөп кеткен, 2009-жылкы көрсөткүчтөр 49 миң тоннага гана жеткен.

Кийинки жылдардагы өсүүнү Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Улук Кыдырбаев «рыноктун принциптери» менен түшүндүрдү.
«Өндүрүштүн мындай өсүшү, пахта өстүргөн фермерлердин сабаттуулугунун жогорулашы менен түшүндүрсө болот», — дейт Кыдырбаев.

«Бул жерде рыноктун принциптери иштейт, башка эч нерсе жок», — дейт.

Кыдырбаевдин маалыматы боюнча кыргызстандык пахтанын 80% экспортко кетет.

Балдар эмгегинин колдонулушу

Пахта өндүршүндө сынга алынып келген жалгыз факты — пахта чогултууда балдар эмгегинин колдонулушу.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Бахтияр Турсунбай уулунун айтымында, мектеп окуучуларын пахта чогултууга мектеп жетекчилиги «зордоп жиберишет».

«Айылдык мектептерде бул көнүмүш эле нерсе, директор же ата-энелери айтса — унчукпай барып пахта чогулта беришет», — дейт укук коргоочу.

«Айылдарда адамдардын түшүнүгү бир аз төмөнүрөөк, баласынын ден-соолугу жөнүндө ойлонушпай эле, ошол пахтаны чогултуу үчүн болгон аракеттерин жумшашат», — дейт Турсунбай уулу.

Жалал-Абад облусу пахта өндүрүү боюнча Кырыгзстандын лидери болуп саналат. Айыл чарба министрлигин маалыматы боюнча өндүрүштүн 60% Жалал-Абад облусуна туура келет.

Кээ бир маалыматтар боюнча, Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы лидерлердин катарына кошулуп жатат.

Америкалык «Текстиль Эксчейндж» 2011-жылга карата баяндамасында, Кыргызстан дүйнөдөгү пахта өндүрүүчү алдынкы он өлкөнүн ичине киргендигин маалымдаган.

«Орто Азия (Кыргызстан жана Тажикстан) ийгиликтин көрсөткүчү: Кыргызстан пахта өндүрүүчү алдыңкы он мамлекеттин ичине кирди», — дейт 2012-жылдын апрель айында жарыяланган баяндамада.

Бирок, «Текстиль Эксчейндждин» маалыматтары боюнча, дүйнөлүк деңгээлде пахта өндүрүшү төмөндөп кетти. Мунун негизги себептеринин бири дүйнөдөгү «ак алтындан» негизги өндүрүүчүсү Индиядагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү, делет баяндамада.

АКШ пахта өндүрүүчүлөрүнүн Улуттук кеңешинин сайтындагы маалыматтар боюнча, 2011-жылы 17 миллион тонна пахта өндүрүп Кытай дүйнөлүк лидер болду.

Кытайдан кийин Индия (13,2 миллион тонна), АКШ (7,7 миллион тонна), Пакистан (5,4 миллион тонна), Бразилия (4,6 миллион тонна), Австралия (2,3 миллион тонна) и коңшу Өзбекстан (2,1 миллион тонна).

«Улуттук кеңештин» тизмесиндеги алдыңкы он мамлекеттин ичинде Кыргызстан жок.

Автор: Евгений Погребняк

Редакторлор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев

Фото: «Википедия»