Каракол: 14 жаштагы кызын зордуктады деп өгөй атасы айыпталууда

Каракол шаарынын тургуну бир жыл бою 14 жаштагы өгөй кызын зордуктаганда айыпталууда. Жыйынтыгында, кыз боюнда болуп калган, дейт Ысык-Көл областык ИИБнын басма сөз катчылыгы. Күнөөлөнүп жаткан тараптын адвокаты журналисттер менен баарлашуудан баш тартып жатат.

Каракол шаарынын 14 жаштагы тургунунун эжеси Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арызында сиңдиси «узак мөөнөт өгөй атасы менен жыныстык катнашта болгон» деп жазган.

Жашы жете элек сиңдисинен кош бойлуулуктун белгилерин — чоңойуп жаткан ичин байкаган. Анын айтымында, кыз өгөй атасы тарабынан болгон зордуктоо жөнүндө айтып берген.

Укук коргоо органдары өткөргөн сот-медициналык экспертиза, зордуктоо 2011-жылдын февраль айынан бери уланып келе жатканын аныктаган.

Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов, кыздын макулдугу жок эле 44 жаштагы өгөй ата жыныстык катнашка киргендигин айтты.

«Өгөй атасы күч колдонуп, коркутуп, жыныстык катнашка киргендигин кыз өзү айтып берди», — дейт Усубакунов.

Басма сөз катчынын айтымында, кыздын апасынан жолдошунун атына эч кандай арыз түшкөн эмес.

«Кечинде жумуштан келгенде жолдошу кызды өз баласындай көрүп, жакшы сөздөрдү айтып, мээримдүү мамиле кылчу экен», — дейт апасынын сөздөрүн караколдук милиция кызматкерлери.

Кыздын өгөй атасы бардык күнөнү мойнуна алып, азыркы учурда тергөөнүн суроолоруна жооп берип жатат, деп Усубакунов кошумчалады.

Тергөөчүнүн айтымында, күнөөлөнүп жаткан тараптын адвокаты комментарий берүүдөн баш тартып, эгер байланыш телефондор башкаларга берилсе тергөөчүнүн өзүн сотко берем деген. Мындай жообун, кыздын жашы жете электиги менен түшүндүргөн.

«Клооптун» кабарчылары адвокат менен өз алдынча байланыша алышпады.

«Балдарды эч ким укпайт»

«Балдар укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондунун координатору Айзат Кокулова, акыркы убакта Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык зордуктоо учурлары өсүп жатат дейт.

Укук коргоочу айымдын айтымында, зордуктоонун негизги себептеринин бири — балдарды эч ким укпайт. Жашы жете элек балдардын арыздарына эч ким маани бербей, мамлекет тарабынан көңүлгө алынбайт.

«Мамлекеттик органдарда баланын зордуктоого кабыл болгонун далилдеп берүү өтө эле татаал», — дейт Кокулова.

Айыпталып жаткан өгөй ата Каракол шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайында.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 129-беренси (жашы жете элек баланы зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат.

Автор: Александар Ли

Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Улугбек Акишев