Казакстандагы жол кырсыгы: каза болгондордун саны 17ге жетти

17 жаштагы өспүрүм кыз Караганда облусундагы микроавтобус жана жүк ташуучу авто унаанын кагылышуусунун курмандыгы болду. Өспүрүм кыз Балхаш шаарынын ооруканасында көз жумду. Каза болгон жүргүнчүлөрдүн баары Кыргызстандын жарандары болгон.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгында каза болгондордун баары Кыргызстандын жарандары болгонун тастыктады.

ӨКМ 8-май күнү курман болгондордун аты-жөнүн жана туулган жылдарын маалымдады.

Алардын арасында 12 жана 4 жаштагы балдар; жана төрт айлык ымыркай кыз болгон.

Ооруканада каза болгон 17 жаштагы өспүрүм кыз, жол кырсыгынын жашы жете элек курмандыктарынын тизмесин толуктады.

Кыргызстандан Орусияга бара жаткан микроавтобуста 18 жүргүнчү бар эле. Тирүү калган Мухидин Ырыс уулу Караганда облусунун Балхаш шаарынын ооруканасына жеткирилди.

ӨКМдин малыматы боюнча Ырыс уулу «оор» абалда.

Микроавтобус менен кагылышкан жүк ташуучу авто унаанын айдоочусу да ошол эле ооруканага жеткирилди. Айдоочунун аты азырынча айтылбай жатат.

Каза болгондордун баары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чарпак айылынын тургандары болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, микроавтобустун айдоочусу Тиркеш Күрүчбеков «рулду башкара албай» туура эмес жол тилкесине чыгып КамАЗды сүзүп алган.

Жол кырсыгы Караганда облусундагы Акжал айылынан 30 километр алыстыкта болгон.

Бул жол кырсыгын Казакстандын бийлиги «акыркы жылдардагы эң капалуу окуялардан бири» болгондугун айтты, дейт Би-би-си.

Казакстандык полициянын маалыматы боюнча микроавтобуста жүргүнчүлөрдүн саны ашыкча болчу.

«Кыргызстандыктар бара жаткан «Ссанг Йонг» микроавтобусу 8 жүргүнчүгө гана ылайыктуу болгонуна карабстан, анда 18 адам отуруп келе жаткан», — дейт Би-би-си.

Чарпак айылы жайгашкан Могол айыл өкмөтүнүн башчысы «Клоопко» берген маегинде, айылдыктар өлгөнгө даярданып жаткандыгын кабарлады. ӨКМдин атайын жүк ташуучусу авто унаасы 8-майда каза болгондордун сөөктөрүн алып келүү үчүн кеткен.

Автор: Бектур Искендер

Сүрөттө: Караганда шаарынын кире бериши; автор: «Авто Атлас», колдонууга уруксат алынды