Ош: Кара-Суу районунда селден улам 500 окуучу мектепсиз калуу коркунучунда

Кара-Суу районундагы Кыргызстан айылынын мектебине ушул жылдын апрелинен бери төрт жолу суу ташкыны келген. Эгерде өкмөт эч кандай чара колдонбосо, эки айдын ичинде жараксыз калышы мүмкүн,—деп мектеп директору билдирди. Ал эми ӨКМдин билдирүүсүндө, жаңы мектеп куруу планда жок.

Акыркы жолу сел 7-майда болуп суу ташкыны төрт класстын жер төлөсүнө кирген.

Мектептин директору Урият Сулайманованын айтымында, мектеп сыз жерге жайгашкандыктан, селдин кесепетинен нымдуулугу күчөгөн.

«7-май күнү дагы сел келип төртүнчү жолу сел басты. Эгерде мындай темп менен кетсе эки-үч айда полдор түшүп калуу коркунучунда турат”,—деп кейиди директор.

Суу ташкыны таштандыларды агызып келгендигинен мектеп кызматкерлери балдардын ооруп калуусунан тынчсызданууда.

«Сабактарга тоскоол болот экен, балдардын ден-соолугуна да зыяндуу агындылар агып келип, инфекциялык ооруулар жугабы деп коркуп турабыз”, —деди Сулайманова.

Кыргызстан айылынын айыл башчысы да Үсөн Төлөнбаев мектепке капиталдык ремонт же жаңы мектеп куруу зарыл экендигин билдирди.

«Селди тосуу кыйын болуп жатат […]. Сел менен бирге канча чыгынды агып келет, санитардык-станциядан келишип дарыларды сээп жатышат. Райондук ӨКМ көрүп тактап кетишти эми кандай жардам болот күтүп жатабыз», —деп айтты Төлөнбаев.

Айылдын тургуну Калыс Орозбаева мектепти бир нече жылдан бери сел каптаса да, өкмөттөн жардам билинбейт деп айтты.

«Канча жылдан бери сел келет, жакшылап оңдоп коюшса жакшы болмок. Мектеп төмөн жайгашкандыктан жогорудан сел келип тура мектепти басып калат. Өкмөткө кайрылып жатабыз дейт, деги эле билинбейт аракеттери» —деди Орозбаева.

Кара-суу районуну өзгөчө кырдаалдын министрлигинин бөлүм башчысы Эрлан Мусаев “жаңы мектеп куруунун зарылчылыгы жок” деп билдирди.

«Селдин негизги себеби жогоруда канал бар экен [...]. Биздин план боюнча мектепти жылдыруу тууралуу план жок, себеби селден урап түшкөн болсо чара колдонмокбуз»,—деди Мусаев.

Авторлор: Нуржамал Мураталиева, Тахмина Тойчубек кызы

Редактор: Айзат Шакиева