АФК президентинин Кубогу: «Дордой» үч жеңиш менен финалга аттанды

«Дордой» квалификациялык үч матчты тең утуп АФК президентинин Кубогунун финалына аттанды. Сергей Дворяковдун футболчулары 1:0 упайы менен камбоджалык «Пномпень Краун» клубунан жеңишти илип кетишти.

«В» тобунун лидерлеринин беттешинин жыйынтыгы оюндуну акыркы мнөттөрүндө гана чечилди. Камбоджалык футболчу кыргызстандык Каюмжан Шариповду түртүп кетип, судья берген пенальтиден Азамат Байматов киргизген гол “Дордойду” финалга чыгарды.

Кыргызстандыктар квалификациялык оюндарда алууга мүмкүн болгон 9 упайдан тогузун тең алышты.

«Дордой» жана «Пномпень Краун» «В» тобунун фавориттери эле — ар бир команда мурунку эки матчтта тең жеңишке жетишкен.

Эки клуб тең мөөнөтүнөн мурун Кубоктун финалына чыккан. Ошондуктан 9-май күнкү беттешүү командалардын рейнтигдеги ордун гана аныктамак.

Квалификациялык оюндардын бардык матчттары Камбоджанын борбору Пномпенде өтүп жаткан үчүн «Пномпень» үчүн аба ырайы да, стадион да тааныш эле.

Оюндун башталышында нөшөрлөп жааган жамгырдан, мачтын 18-мүнөтүндө беттешүүнү жарым саатка токтотууга аргасыз болду.

«Дордойдун» башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков «Пномпень Коаундун» дарбазачысы Йорк Арини мактап, «Дордойчулар» Йорктун аракеттери үчүн бир да гол киргизе алышпады, деген пикири ортого салды.

Анын айтымында, «Дордойдун» матч ичинде 7-8 жол гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болгон.

Бул Кыргызстандык дарбазага бир да топ кирбеген алгачкы матч болду. Бул жолу дарбазаны Павел Матяш коргоду.

Дворянковдун айтымында, мурунку матчта өткөзүп жиберген топтор «капыстык» болгон.

«Дордой» 7-майда бутандык «Йидзин» клубун 11:2 упай менен, эки күн мурун непалдык «Полис Клабды» 5:1 упай менен жеңген.


«В» тобунданы оюндардын жыйынтыгы:

  1. «Дордой» (Бишкек, Кыргызстан): 9 упай, 17-3
  2. «Пномпень Краун» (Пномпень, Камбоджа): 6 упай, 9-1
  3. «Непал Полис Клаб» (Катманду, Непал): 3 упай, 5-6
  4. «Йидзин» (Тхимпху, Бутан): 0 упай, 2-23

Турнирдин финалы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтөт. Финалга ар бир топтон мыкты эки команда чыгат.

«Дордой» жана «Пномпень Краундан» сырткары финалга тажикстандык «Истиклол» жана палестиналык «Аль-Аммари» да жолдомо алды.

«А» тобунун оюндары 12-майда аяктаганда, дагы эки финалычы аныкталат.

АФК президентинин Кубогунун тарыхында «Дордой» эң ийгиликтүү клубдардын бири.

«Дордой» 2006 жана 2007-жылдары турнирдин жеңүүчүсү аталган, мындан сырткары төрт жолу финалга чыккан.

Автор: Бектур Искендер