Парламенттин аппараты Ак үйдө вай-файдын кереги жок деп эсептейт


Жогорку Кеңештин аппараты Ак үйдө зымсыз Интернеттин кереги жок деп эсептейт, себеби парламентте зым менен туташканы бар. Буга чейин вай-фай демилгесин депутат Дастан Бекешев сунуштаган

Жогорку Кеңештин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Осмонкул Орозалиев парламентте зымдуу тармак болгонуна байланыштуу вай-файга муктаждык жок экенин айтты.

«Ар-Намыс» партиясынын депутаты Дастан Бекешев парламентке зымсыз Интернетти журналистер үчүн орнотууну сунуштаган. Бирок, анын айтымында, УКМК буга каршы чыккан.

Орозалиев ЮСБ-модеми жок журналисттер стационардык компьютерлер менен жабдылган басма-сөз бөлмөлөрүндө иштей аларын айтты.

«Журналисттерге басма сөз бөлмөлөрүн ачса болот, ал жерде алар биздин тармакты бекер колдоно алышат», — дейт аппараттын кызматкери.

УКМК Бекешевдин сөздөрүн тастыкаган жок. Комитеттин басма сөз катчысы Нурлан Токталиев ведомство зымсыз Интернетке каршы эмес экенин, болгону белгилүү коопсуздук нормалары сакталышы керек экенин билдирди.

Бирок кайсы коопсуздук нормалары жөнүндө кеп болуп жатканын тактаган жок.

Орозалиевдин сөзүнө караганда, көчөдө өтүп бараткандар парламенттеги вай-файга кошулбасы үчүн атайын жабдыктарды орнотуш керек.

«Эмнеси болсо да, бул жерде парламент жана президент отурат да», — дейт Орозалиев.

Ал эми мыйзам чыгаруучулар бул демилге боюнча бир ойго келишкен жок.

«Ата-Журттун» депутаты Жылдызкан Жолдошева зымсыз Интернет ал үчүн ыңгайлуу болорун айтты.

«Биринчи кезекте, депутаттар — бул эл өкүлдөрү, алар эмне болуп жатканын билиш керек», – дейт ал.

Бекешевтин партиялашы Турсунбай Бакир уулу вай-файга каршы чыкты. Анын оюнда, мамлекеттик структуралардын имараттарында зымсыз Интернет болбошу керек.

Бекешев социалдык тармактардагы эң активдүү депутаттардын бири – анын “Твиттердеги” микроблогун 2 миңден ашуун киши окуйт, аны жүргүзгөндөн бери депутат блогунда 8 миңден ашык жазуу калтырган.


Которгон: Урмат Борченов