Эми отурумдарга келбеген депутаттардын аттары жарыяланышы керек


Укук коргоочулар Жогорку Кеңешке каршы сот ишин утуп алышты. Бишкек шаардык соту парламент отурумдарына келбеген депутаттардын аттарын жарыялашы керек деген өкүм чыгарды.

“Эркиндик үнү» коомдук фонду парламенттен Жогорку Кеңештин отурумдарына келбей, добуш берүү үчүн кесиптештерине ишеним кат берген депутаттардын аттарын жарыялоону талап кылган.

Ал эми парламент жашыруун сыр деп депутаттардын аттарын атоодон баш тарткан.

«Эркиндик үнү» фондунун өкүлү Жаңылмырза Сартова Жогорку Кеңешти сотко берип, жыйынтыкта, сот укук коргоочунун арызын канаатандырды.

«Жогорку Кеңеш Жаңылмырза Сартовага төмөнкү маалыматтарды берсин: ишеним кат алган депутаттардын аты-жөнү; ишеним катты берген депутаттардын атын-жөнүн жана алардын отурумга келбөөгө орчундуу себептери болгондугун тастыктаган буйуртмалар», — деп өкүмдү Бишкек шаардык соту Антонина Рыбалкина окуп берди.

Парламент сот өкүмүн жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко кайрылабы азырынча белгисиз, деп парламенттин юристи Вероника Киреева комментарий берүүдөн баш тартты.

Жеке жашоого кийлигишүүбү?

Парламенттин пикири боюнча Жогорку Кеңештин отурумуна келбеген депутаттардын аттарын жарыкка чыгаруу — алардын жеке жашоосуна кийлигишүү.

«Жеке мүнөздө болгондуктан конфиденциалдуу маалымат болуп саналат [...] ошондуктан алардын аты-жөнү жана келбегендигинин себеби — жеке мүнөздөгү маалымат болуп калат», — дейт Киреева.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюмунун юристи Азамат Адилов мамлекеттик органдар жөнүндө маалыматты алуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамга шилтеме жасап жатат.

«Биз бул мыйзам берген укуктарыбыз менен колдонушубуз керек, ал эми алар айтып жаткан — жеке жашоого кийлигишүү — болбогон нерсе», — дейт Адилов.

Расмий сайтта илинген Жогорку Кеңештин регламенти боюнча парламент ай сайын келбегендердин статистикасын чыгарып, жарыялап турушу керек.

Регламент боюнча, отурумдарга келбеген депутаттар төрага тарабынан жазаланат — сыйлуу себеби болбосо депутаттын айлык акысынын 1/10 бөлүгү алынат.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптештери келбеген парламентарийлер үчүн деле добуш берип жатат, деп нааразычылыгын билдиришкен. Алар, мындай кадамдарды регламенттин бузгандык дешкен.

«Ахматбек Келдибеков бир күн бою жок болду, бирок анын атынан добуш берип жатышат. Эмне, силер эң акылдуусуңарбы?», — дейт Ирина Карамушкинанын сөздөрүн «Кабар» маалымат агенттиги.

Урматтуу окурман, силдердин оюңар боюнча отурумдарга келбеген депутаттардын аттары жарыяланышы керекби? Эмнеге? Комментарийлериңизди төмөндө калтырсаңыз болот.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова