Жалал-Абад: 400 аял насыялардын төлөө мөөнөтүн узартууну талап кылып митингге чыгышты

400гө жакын аял Жалал-Абадтын облустук администрациясынын алдына төрт күндөн бери митингге чыгып жатышат. Алар жергиликтүү бийликтен банктарга жана күрөөканаларга болгон насыяларынын төлөө мөөнөтүн бир жылга токтотуп турууну суранышат. Жергиликтүү бийлик аялдардын талабы алардын “жеке көйгөйү” деген пикирде.

Митингге чыккан аялдар банктардан алган насыясын төлөй албай, пайыздарын жабуу үчүн кайрадан күрөөканалардан акча алышкан.

Алган акчаларды көбөйтүү максатында, алар алдамчылык менен түзүлгөн “Бон Вояж” аттуу «финансылык пирамида» оюнуна акчаларын кошуп, киреше ала алышпай калган.

Ушуга байланыштуу митингге төртүнчү жолу чыгып жергиликтүү бийликтен бул насыялардын бир жылга үстөк пул кошпоосун талап кылышууда.

Бирок облустук администрациянын кызматкери Барчынбек Жантөрөев коммерциялык банктардын ишине кийлигише албгандыгын билдирди.

Ал аялдардын негизги көйгөйү бул насыялардын бир эле убакта бир нече банктардан жана күрөөканалардан алгандыгы деп белгиледи.

“Кыскасы өздөрү да моюнга алышат аялдарчы, биз дейт 1 сомду 10 сом кылам деп, 10 сомду 20 сом кылуу максатында, бир сөздөргө азгырылып, 17 миң төксөң бир жумадан кийин 31 миң төгөсүн деп келет экен бир аял (“пирамида” оюну жөнүндө айтып берүүдө). Анын куруу сөзүнө чуркап келет бир аял ломбардтан сөйкөсүн коебу, шакегин коебу 10 миң же 20 миңди карматат (“пирамиданын” ортомчусуна)”,—деди Жантөрөев.

Ошондой эле Жантөрөев бүгүнкү күндө “финансылык пирамиданын” ортомчуларына кылмыш иш козголгону менен алардын күнөөсүн тастыктаган бир да документ жок деп кошумчалады.

“Насыя алууга мажбур болушууда”

Токтокан Өмүралиева Жалал-Абад облусунун Аксы району боюнча акыйкатчынын кеңешчиси, митингге аялдардын укугун коргоо үчүн келген.

Ал карыз болгон аялдар төмөн экономикалык жашоо шартына байланыштуу банктардан жана күрөөканалардан насыя алганга “мажбур болушкан” деп айтты.

“Бир жерден эмес төрт, беш жерден алышат [насыяны]. Ломбард дегени бар, андан дагы алып алышат, кыйналгандан аргасыздан келип бир жылга мораторий жарыялап бериңиз деп суранабыз деп турушат”, — деди Өмүралиева.

Гулбахар Сейитова жеке ишкерлигине “Мол Булак Финанс” микрокредиттик компаниясынан 40 миң сом насыя алган. Ал ар бир айына 4,5 миң сом төлөөгө абзел. Ооруган баласынын айынан насыяны төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү болбой калган.

“[...]Мамлекет болобу, башка болобу, жок дегенде 10 пайыз кылып беришсин (жеңилдедип беришсин деп билдирүүдө). […] Кредитти базарга чыгабыз деп алганбыз. Бирок бул жактан мүмкүнчүлүк болбой калган”, — деп кейиди Сейитова.

Андыктан бүгүн 10 чакты аял Бишкекке барып, премьер-министр Өмүрбек Бабановдон ушул көйгөйүн чечип берүүсүн суранышаарын “Клооптун” кабарчыларына билдиришти.

Жалал-Абад облусунун “Тынчтык куруучу” аялдар түйүнүнүн жетекчиси Жанна Саралаева жергиликтүү көйгөйлөрдү изилдөө боюнча алектенип келет.

Ал аядардын мындай көйгөйү төмөн экономикалык жашоо шартынан гана эмес финансылык маалымат жоктугунан болуп жаткандыгын белгиледи.

“Алар мындай нерсеге барганга мажбур болушууда, үй-бүлөлүк экономикалык деңгээли буга таасир этет. Экинчиден алардын жумушу жок. Алар бир нерсе менен алек болуушусун каалашат [...]. Анан айланасындагы чөйрө да таасир этет, бири бирин тарта башташат, бул аз-маз туура эмес”,—деп айтты Саралаева.

“Бон Вояж” “пирамиданын” өкүлдөрү менен “Клооптун” кабарчылары байланыша алган жок.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын “ЭкоИсламик” банктын өкүлү бул маселе “форс-мажордук” гана болсо караштырышы мүмкүн деп жооп берди.

Макаланы жазуу учурунда “Мол Булак Финанс” микрокредиттик компаниясынын башкаруучусу иш менен кеткендигинен “Клооптун” кабарчылары байланыша алган жок.

“Финка” микрокредиттик компаниясы интервьюдан баш тартты.

Автор: Кадича Рыскулова

Редактор: Айзат Шакиева