Жогорку Кеңештин депутаттары «Мегакомдун» сатылышына каршы

2012-жылдын май айынын аягында «Альфа Телеком» («Мегаком» бренди) компаниясынын 49 пайыз акциясы аукциондо сатылып кетиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаттары компания мамлекеттик бюджете киреше алып келет деп, анын сатылышына каршы. Ал эми экономисттер мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү керектигин айтышты.

«Мегакомдун» акцияларын сатуу боюнча аукцион 22-майда өтөт. Баштапкы баасы 4,9 миллиард сом.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун директорунун орун басары Назира Усеналива, азырынча аукционго катышууга бир дагы арыз түшө электигин айтты. Арыз кабыл алуу 18-майда токтотулат.

Анын айтымында, ачык аукцион өтөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары акциялардын сатылышына каршы чыгып жатышат.

«Ар-намысчы» Каныбек Иманалиев 10-майдагы парламент отурумунда «Мегаком» компаниясын сатуу «одоно катачылык» болот деген.

Иманалиевдин айтымында, мамлекеттин «Мегакомду» атаандаштыкка жөндөмдүү жана кирешелүү ишкана кылууга» толук мүмкүнчүлүгү бар.

«Мамлекеттин менчигине калтырып, мамлекеттик башкаруу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизиш керек[...] Биз кийинки жумда Жогорку Кеңештин отурумунда чыгарбыз, атайын токтомду», — дейт Иманалиев.

Анын пикиринде, мамлекетик ишкана катары «Мегаком» бюджетке жакшы киреше алып келет.

«Респубилка» фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров дагы уюлдук оператор «малекет үчүн кызмат кылыш керек» деген пикирде.

«Алгач мыйзамдуулук жагын чечиш керек, мыйзамдуу жол менен улутташтырылган болсо, аны сатыштын кажети жок деп эсептейм, себеби ал Кыргызстандын бюджетине миллиондогон суммадагы дивиденттерди алып келет», — дейт Бакиров.

«Ата-Мекенчи» Акунаалы Досалиев жана социал-демократ Гульнара Жамгырчиевалар, эгер компания сатылып кетсе «мамлекеттин эмес, бир адамдын кызыкчылыгына иштеп калат» деген пикирде.

«Мегаком компаниясы сатылбаш керек. Мамлекетке кызмат кылыш керек. «Мегаком» өзү көп пайда берүүчү чоң булактардан болгондуктан, сатпаш керек», — дейт Досалиев.

«Ата Журтчу» Дастанбек Жумалиев мамлекетке «Мегакомдун» калган 51 пайыз акциясын сатып алуунун сунуштап жатат. Анын айтымында, компаниядан түшкөн киреше келечекте бюджеттин үчтөн бир бөлүгүн түзүп калат.

Өкмөттүн маалыматтары боюнча, 2011-жылга карата «Мегаком» компаниясынан мамлекеттик казынага салык жана диведенд катары 40 миллион АКШ доллары түшкөн.

«Мамлекеттик ишканалар банкрот болуп калган»

Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Улук Кыдырбаев мамлекеттке тиешелүү болгон бардык ишканаларды сатуу керек деген пикирде.

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн [мамлекеттин] ишканалары банкрот болуп жатат. […] «Мегаком» өнүгө турган ишкана, ошондуктан менчик ишкана болуш керек деп ойлойм», — дейт Кыдырбаев.

«Кыргыз Концепт» компаниясынын президенти Эмил Уметалиев компанияны «менчиктештирүү жолу, прихватизация болуп кетпеши үчүн» сатууну ачык өткөрүү керек дейт.

«Бизнестердин баары жеке рынокто болуш керек. Мамлекеттин колунда болбош керек, мамлекет канчалык колунда кармай берсе, ошончолук саясий толкударды, коррупцияны туудура берет. Ошондуктан канчалык эрте менчик рынокка кетсе, ошончолук бул эрте элге кызмат кыла баштайт», — дейт Уметалиев.

Ушуну менен «Мегаком» компаниясы экинчи жолу аукционго чыгарылып жатат. 2011-жылдын ноябрь айындагы алгачкы аукцион өтпөй калган, анткени катышуу үчүн бир гана швециялык «Телиа Сонера» компаниясы арыз берген.

2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин «Мегаком» компаниясынын 49 пайыз акциясы улутташтырылган. Өкмөттүн айтымында, компания Максим Бакиевдин жакын досу Алексей Елисеевдин карамагында болчу.

Автор: Гүлбадам Камчыбекова

Редактор: Улугбек Акишев