Баткен: сел бир айымдын өмүрүн алып кетти

Баткен облусунун Лейлек районунун Сүлүктү шаарынын тургунун 12-май күнү сел агызып кетти. ӨКМдин маалыматы боюнча, бул жазгы суу ташкындоолордун алгачкы курмандыгы.

Лейлек районунун Сүлүктү шаарынын 42 жаштагы тургунун мал кайтарып жүргөн жеринен сел агызып кеткен, дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Асанов.

ӨКМдин маалыматы боюнча, агып кеткен айымдын сөөгү шаардан 15 чакырым алыстыктан табылган.

Бул Кыргызстандын түштүк аймагындагы жазгы суу ташкындоолорунун алгачкы курмандыгы.

Буга чейин суу ташкындоолору адамдын өмүрүн кыйган эмес. Эгин талааларынын агып кетиши жана үйлөрдүн суу алдында калышы — селдердин эң орчунду кесепеттери болуп келген.

Асановдун айтымында Сүлүктүдө 40 үй жана 230 огородду суу каптап кеткен. Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Түштүк аймак боюнча суу алдында калган айдоо аянттар жана турак-жайлар боюнча так маалыматтар азырынча жок.

300дөй үй суу алдында калып, Баткен облусунун Лейлек району эң көп жабыр тартты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча Ош облусу боюнча 600дөй, Жалал-Абад облусу боюнча 2800дөй турак-жай суу алдында калды. Толук жана так маалыматтар азырынча белгисиз.

Автор: Гүлзара Бакаева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев