ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун тегерегине адамдарды көмүүгө бийлик тарабынан тыюу салынган. Жергиликтүү бийликтин ою боюнча, шаар тургундары бул тоону ыйык тутушкандыктан, тыюу салынганына карабастан, бул салтты улантып келишүүдө.
2009-жылы Сулайман-Тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенден бери бул комплекстин тегерегине маркумдарды көмүүгө тыюу салынган, бирок эл дагы деле салтты улай, туугандарын тоо этегине көмүүдө.
“Мында мүрзөлөр мыйзам бузуу менен тургузулууда. Мисалы, жакында эле 10-апрелде мында дагы бирөөнүн сөөгү коюлду. Байкасанар, күн мурундан көрлөр казылып, атайын даярдалып да турат. Булар акырындап тоонун өзунө чейин келип калышты”, – дейт “Сулайман-Тоо” музейдик комплексинин директору Абдрайым Турганбаев.
Аталган тоонун батыш жагына чектеш жайгашкан Кызыл-Кыштак айылдык округунун башчысы Шарибидин Капаров жергиликтүү бийликтин токтомуна карабастан мындай көмүүлөрдүн уланып жатканын ырастады.
Капаровдун ою боюнча, жашоочулардын жакын адамдарын Сулайман-Тоосунун этектерине көмүп жаткандарына мында байыркы замандан бери сакталып калган петроглифтердин эсебинен тоонун ыйык деп саналуусу себеп болуп жатат.
Кызыл-Кыштак айылынын башчысы Адилжан Ахамадалиев жашоочулар маркумдардын сөөктөрүн кайсыл жерге коюуну өздөрү чечишерин, ал эми өзүнүн жөн гана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берерин айтты.
“Кайда көмүп жаткандарын билбейбиз… башка жерлерден да келип көмгөндөр бар”, — деди айыл башчысы.
Беш чокусу бар Сулайман-Тоо – Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген жалгыз жер.
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча, Сулайман-Тоо Борбордук Азиядагы ыйык жерлердин эң татыктуу үлгүсү. Ал Сулайман пайгамбардын урматына аталган, мусулмандардын сыйынуучу жайы болуп саналат.
Азыркы тапта тоо ичинде “Сулайман-Тоо” музейдик комплекси жайгашкан.
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы
Редактор: Эльдияр Арыкбаев