Ош шаарынын университеттеринин студенттери АКШ, Туркия, Орусия, Кытай, Англия, Казакстан жана Белорусия өлкөлөрүнө тажрыйба алмашууга жиберилери белгилүү болду. Бул долбоор ушул жылдын июнь айынан баштап ишке ашырылат.
Жөнөтүү келишими мэрия алдындагы жаштар комитети менен АКШ, Туркия, Орусия, Кытай, Англия, Казакстан, Белорусия өлкөлөрүнүн окуу жайлары ортосунда түзүлөт.
Окутуу, жашаган жери, тамак-ашы акысыз. Ал эми жол акысы студент тарабынан болуусу шарт.
Жаңы окуу жылдын башталышы менен 30-40 студент чамаларында сынактын негизинде тандалып жибериле баштайт.
Сынактын шарттары иштеп чыгыла элек.
Бул окуу программага жиберилүүчү студент кандай критерийлерге ээ болуусу керектигин жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев айтып берди.
“Башка чет өлкөлөргө алып барып, тажрыйба алмашалы деп чечтик [...]. Ар бир тараптан карайбыз, окуусун, жүрүш-турушун, коомчулукка аралашуусун, ушулардын бүт баарын карайбыз”,—деди Жунусбаев.
Азыркы учурда АКШнын жети колледжи менен келишим түзүлүүдө.
“Жатаканаларын коопсуздугун жана бош убактысын кандай өткөрүүсү боюнча бүт бары сүйлөшүлдү, эки жыл окушат жана стипендия төлөп беришет”,—деп айтты төрага.
Бул долбоорду колдогону шашылбайт
Жаштар форумуна катышкан «Ош шамы» гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов мындай долбоорлорду колдоо зарылчылгын билдирет. Бирок алгач келишим түзүлүп жаткан өлкөлөр кандай максат менен кызматташаарын аныктап алуу керектигин айтты.
“Чакырган тарап кимдер кандай идеология менен сугарылган тарап, алар кандай буга чейин жумуштарды жасаган. Ошолордун окуу жай болобу же бейөкмөттүк уюм болобу чакырган мамлекеттин тарыхын терең өзөбүздүн өлкөдө изилдеп коюшубуз керек. Анткени биздин балдар кандай маалыматтарга азыктанып кайра кайтып келет, коопсуздугун эске алып колдош керек”,—деди Алдакулов.
Ош социалдык университетинин студенти Ниязаалы уулу Жамбыл жаштар башка мамлекеттин экономикасын, салт-саанасын үйрөнүп, тажрыйбаны өз мекенинде пайдалануу зарылчылыгын билдирди.
“Азыркы жаштар чет өлкөгө көбүрөөк акча табуу максатында гана чыгышат, мүмкүн болушунча ошол жакка орношууну каалашат, эч ким үйрөнүп келип мекенди өнүктүрүүнү ойлошпойт”,—деди студент.
Бул долбоорго мэриянын бюджетинен 500 миң сом бөлүндү. Ал эми өнүктүштөрү эл аралык уюм ЕККУ жана ЮНИСЕФ.
Авторлор: Арзыгүл Кенжеакунова жана Нуржамал Мураталиева