Каржы пирамидасы «Мисс Кыргызстандын» демөөрчүсү болот

МММ-2011 пирамидасы «Мисс Кыргызстан» сулуулук конкурсунун демөөрчүлөрүнүн бири болду. Улууттук Банк муну «абийирсиз жарнама» деп атап, Мавроди пирамидасынын иш-аракети Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбестигин билдирди.

Орусиялык бизнесмен Сергей Мавродинин МММ-2011 каржы пирамидасы конкурстун демөөрчүсү болорун аталган иш-чаранын уюштуруучулары ачык айтууда.

МММ-2011 сулуулук конкурсунун «расмий демөөрчүсү» болуп, аталган структуранын белгиси «Мисс Кыргызстандын» бардык жарнамаларында көрсөтүлгөн.

«Мисс Кыргызстан» конкурсунун уюштуруучулары «Клооптун» кабарчылары менен бул кызматташтык тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Конкурстун сайтында көрсөтүлгөн телефонго жооп берген кыз, «Клооптун» эмне үчүн дал ушул демөөрчүгө кызыгып жаткандыгын бир нече ирет кайталай сурады.

Кийинчерээк, ушул эле күнү аталган кыз, конкурстун уюштуруучулары МММ-2011 менен болгон кызматташтыгы тууралуу комментарий бербесин айтты.

«Мисс Кыргызстандын» жеңүүчүсү, сулуулук конкурстарынын эн эле байыркысы болгон «Дүйнө сулуусу» конкурсунда өлкөбүздүн намысын коргомокчу.

Конкурстун башкы демөөрчүсү «Дордой» ассоциациясы «Клоопко» Сергей Мавродинин структурасы экинчи демөөрчү экенин билбегенин айтты.


Улуттук Банк каршы, ал эми серепчилердин көз караштары ар түрдүү

Кыргызстандын Улуттук Банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келбесин айтып, МММ-2011 структурасына ачык түрдө каршы чыгып жатат.

Улуттук Банктын өкүлү «Клоопко» берген интервьюсунда кыргызстандыктарды мындай «абийирсиз жарнамага алданбоого» чакырды.

«Кыргыз концепт» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы Кыргызстандын Экономика министри Эмил Уметалиевдин ою боюнча, конкурстун уюштуруучуларынын МММ-2011 менен кызматташуусу туура эмес.

«Аны [МММ-2011] менен байланышы бар бардык нерсе көп сандаган жаңжал жана соттор менен аралаш», — дейт Уметалиев.

Анын айтымында «бул ысым менен кандайдыр бир кесилишүүдөн баш тартуу үчүн жетиштүү маалымат бар сыяктуу».

Карама-каршы ойду карманган Бишкек ишкерлер клубунун директору Улук Кыдырбаев ар бир компания жарнама жасоого укуктуу деп эсептейт.

«Кимдир бирөөнүн кандайдыр бир нерсеге демөөрчү болуусуна мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес. Кандай гана компания болбосун, алар рынокто орун алышат, ал эми демөөрчүлүк – бул жарнама жасоонун бир түрү», — деди ал.

«Бирөөгө мындайга тыюу салган мыйзам жок», — дейт Кыдырбаев,

«Клооп» комментарий алуу үчүн МММ-2011 өкүлдөрү менен байланыша алган жок.


Тажырыйбалуу пирамида

МММ-2011 өзүн өзү ачык айкын каржы пирамида деп атайт жана мында мыйзамга каршы эч нерсе жок деп эсептейт.

Ал Кыргызстанда юридикалык катоодон өткөн эмес, ал эми анын «Мисс Кыргызстан» конкурсунун уюштуруучулары менен болгон өнөктөштүгүнүн кантип түзүлгөндүгүн «Клооп» аныктай алган жок.

Мурунку Советтер Союзунун аймагында иш алып барган МММ-2011, ага акча жаткырган адамдарга акчаларын бийик пайыздары менен кайтарып берүүгө убада берет.

Аталган структура МММ структурасынын реинкарнациясы — аны Мавроди 90-жылдарда ачкан жана өз убагында ал дагы адамдардын баштапкы жаткырган акчаларын 100 пайыздуу түрдө кайрып берүүгө убада берген.

1995-жылы МММ Орусияда мыйзамга каршы катары белгиленип, Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаты болуп шайланып, кол тийбестигинен ажыратылган Мавроди, кийинчерээк качып кеткен.

Ал 2003-жылы колго түшүп, расмий түрдө көз боёмочулукта айыпталган.

2007-жылы аны төрт жылга эркинен ажыратышкан, бирок ал убакка чейин Мавроди мөөнөтүнүн көп бөлүгүн камакта өткөрүп болгондуктан, токтом жарыялангандыгынан жарым жылдан кийин эркиндикке чыккан.

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы

Редактор: Бектур Искендер