Ош: «Курманжан-Датка» кичи районунун жашоочулары газ түтүкчөнүн эскилиги жеткендигинен жыт чыгууда деп арызданышууда

Жашоочулар көгүлтүр оттун түтүкчөсүнүн эскилиги жеткендиктен, акыркы күндөр газдын жыты үйлөрүнө чейин кирүүдө деп арызданышууда. Ош шаардык газ башкармалыгынын билдирүүсүндө, жашоочулар бул көйгөйдү өз алдынча чечишет.

Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан “Курманжан-Датка” (мурунку аталышы “Юго-Восток”) районунун тургундарынын айтуусунда, бир нече жылдан бери маал-маалы менен эскилиги жеткен газ түтүкчөсүн жамоо иштери жүргүзүлүп келген.

Азырынча газ башкармалыгынан чара колдонбой атканын айтышты. Ошондуктан да газдын жыты акыркы күндөр күчөп жаткандыгын ушул райондун Исанова көчөсүнүн үй жетекчисинин жардамчысы Флюра Орозова белгилеп өттү.

«Газ канча жылдан бери ошондой, жыттана берет жыттана келе берет, келе берет. Өздөрүнчө келип бир подъезди текшериш керек биз демейинче »,—деди Орозова.

Ушул эле кичи райондун өзүн тааныштыргысы келбеген жашоочусу газдын жыты адам өмүрүнө «сөзсүз түрдө коркунуч алып келет” деп тынчсызданууда.

«Үйдун түтүкчөлөрүнөн да газ жыттанып жатат. Үйдүн биринчи подъездине киргенде эле газдын жыты уруп турат. Изилдеп текшерип бергиле десек эч ким келбей эле турат. Газ бул оңой нерсе эмес. Газ эң коркунучтуу, адам өмүрүнө коркунуч алып келе турган нерсе. Ал химиялык затда башкача айтканда”,—деди жашоочу.

Бахаб Нурматов да аялдардын сөзүн тастыктап, жашаган жериндеги газ түтүкчөлөрүн абалы “начар” экендигин белгиледи.

«Газопроводтор баардыгы эски, каралбайт [...]. Бул жерде коррупциялык схема көп. Бул илгертен калыптанып калган нерсе. Муну оңдош кыйын болуш керек»,—деп айтты Нурматов.

“Клооптун” кабарчылары да “Курманжан-Датка” кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнө кирип көрүшүп көгүлтүр оттун жытына күбө болушту.

Ал эми шаардык газ башкармалыгынын экинчи орун басары Зина Алыбаева «Курманжан-датка» районунун үйлөрүндө көгүлтүр оттун түтүкчөсү эскилиги жеткендигин тастыктап, буга карата иш чара жашоочулар өздөрү колдонушаарын айтты.

“Жыт чыкканы трубалардын тешилиши менен байланыштуу. Оңдоо иштери ал жердеги жашоочулар акча топтоп жатышат, ошо акча топтогондон кийи оңдолот”,—деди Алыбаева.

Бирок жашоочулар бул боюнча жыйын өткөргөнү менен газ түтүкчөсүнө оңдоп-түзөө иштерине “акча чогултуу маселеси каралган жок” деп “Курманжан-Датка” кичи районунун аймактык кеңешчиси Калмамат Жумабаев айтты.

Авторлор:Тахмина Тойчубек кызы жана Бактыгүл Баридин кызы

Редактор: Айзат Шакиева