Баткен облусунда орто мектеп селден жараксыз абалга келди

Лейлек районунун Кольцо айылындагы орто мектеп селдерден жараксыз абалга келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуучулар үчүн үч 30 орундук чатыр бөлүп берди.

Сүлүктү шаарына караштуу Кольцо аылындагы Кайымкулов атындагы №6 орто мектеби 12-майда өткөн селден жараксыз абалга келген.

ӨКМдин мониторинг департаменти мектеп имаратын колдонууга тыюу салган.

«ӨКМ 30 орундуу үч чатыр бөлүп берди, майдын аягына чейин», — дейт ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси Алмаз Асанов.

Окуу жылынын аягына чейин он күн калды.

Мектептин директору Каныбек Эшмурзаев 16-майда чатырлар келгендигин, бүгүнтөн балдар окуусун баштаарын айтты. Төрт күн бою балдар мектептин жанындагы эски имаратта окушкан.

«Дубалда 10 саниметрден жарка кетти», — дейт директор.

Кайымкулов атындагы №6 орто мектеби 1977-жылы курулган.

Мындан сырткары, айылда маданият үйүн жана китепкананын имаратын да суу каптаган.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов түштүк регионго болгон иш сапарында, мектептерди курууга 4 миллиард сом каражат бөлүнгөндүгүн айткан. Бирок, бул каражаттар жаңы мектеп үчүн эмес, курулуп бүтө элек мектеп имараттары үчүн кетээрин кошумчалаган.

2012-жылдын апрель айынын башынан бери республиканын түштүк аймактарында селдер өтүп, Баткен облусу боюнча — 300дөй, Ош облусу боюнча 600дөй, Жалал-Абад боюнча 2800 турак-жай суу алдында калып, жабыр тартты.

Автор: Гүлзара Бакаева

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөт: ӨКМдин сайтынан алынды