Депутат Райкан Төлөгөнов «Учур» гезити менен соттошoт

«Учур» гезити «атамекенчи» депутат Райкан Төлөгөнов өзүнүн кыймылсыз мүлкү жана кымбат автоунаасы болуп туруп, парламент тарабынан берилген үйдө жашагандыгын жазып чыккан. Төлөгөнов бул маалыматты жокко чыгарып жана гезиттин үстүнө 900 миң сомдук доо менен кайрыларын айтты.

Депутат «Учур» гезити менен аталган макала үчүн соттошорун билдирди. Макалада анын кыймылсыз мүлкү жана «Лексус» автоунаасы болгондугу, бирок депутат мамлекет тарабынан, парламент берген үйдө жашап жаткандыгы тууралуу айтылган.

Төлөгөнов өзүнө депүтаттыгы учүн берилген үйдө тургандыгын мойнуна алды. Анын айтымында үйдү ага «Ата Мекен» фракциясы берген, бирок анын жеке менчик үйү жок.

Гезиттеги макалада сөз кылынган «Лексус» автоунаасы, Төлөгөновдун билдирүүсү боюнча анын «жакын тууганына» таандык.

Төлөгөнов гезитти сотко берерин жана 900 миң сом компенсация талап кыларын айтты.

Бул макала «Учур» гезитинин 10-май күнкү номеринде жарыяланган. Төлөгөнов тууралуу макала үстүбүздөгү жылдын башында «Ата Мекен» партиясынан чыгарылган депутат Равшан Жээнбековдун бурмаланган аты — «Рафшан Жээнбеков» деген автордун аты менен чыккан.

«Депутат үйлөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттатып, өзү болсо кызматтык квартирасында жашап жатат», — деп «Гезиттер.орг» аталган гезитке шилтеме жасап жазып чыкакан.

«Учур» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев комментарийлерден баш тартты, ал эми анын катчысы гезиттин парламентарийдин айыптоолоруна болгон реакциясы 17-майдагы санына чыгарын кабарлады.

Катчысынын сөздөрүнө таянсак, Сартбаев ММКлар менен баарлашпоо үчүн телефон номерин алмаштырып алган.

Бул үстүбүздөгү жылдын башынан бери депутаттын гезит редакциясын сот процесси менен коркуткан биринчи учур эмес. Апрелде вице-спикер Төрөбай Зулпукаров жаштыгында бир кызды зордуктагандыгы жөнүндөгү макала үчүн «Азия-Ньюс» гезити менен соттошууга убада берген.

Анткени менен, медиа-серепчилер Кыргызстандагы учурдагы мыйзамдарына ылайык массалык маалымат каржаттары менен соттошуу мүмкүн эместигин билдиришүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин жалган жалаа тууралуу беренеси 2011-жылдын июль айында өз күчүн жоготкон.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы