Июль айынын ортосунан тарта Ош менен Стамбул түз аба каттамдар аркылуу байланышат

Жарандык авиация агенттиги «Түрк аба жолдоруна» Ош-Стамбул жаңы каттамынын ачуусуна уруксат берди. Алдын ала маалыматка караганда, учактар аталган маршрут менен 16-июлдан тарта каттай баштайт.

Агенттиктин административдик бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров жакында эле «Түрк аба жолдорунун» учактарына Кыргызстандын түштүк борбору менен Түркиянын эң чоң шаары арасында түз каттамдарды ачууга уруксат берген документке кол коюлганын ырастады.

Ош менен Стамбулду байланыштырган каттамдар жумасына үч жолу учмакчы.

Абакировдун айтымында бул жаңы каттам Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин натыйжасында ачылды.

«Түрк аба жолдорунун» Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарынын башында ачкан Бишкек жана Стамбул каттамы азыркы тапта күн сайын аткарылып келет.

Ош шаарынын аба майданынын коммерция бөлүмүнүн башчысы Мирлан Нишанбаев, Стамбулга биринчи каттам 2012-жылдын 16-июль күнүнө пландаштырылганын «Клоопко» маалымдады.

«Түрк аба жолдорунун» Бишкектеги өкүлчүлүгү аталган жаңы рейс тууралуу маалыматты тактап, бирок кошумча маалмыт берүүдөн баш тартышты.

Учуулардын расмий баасы азырынча белгисиз.

«С.A.T.» туристтик компаниясында «Клооптун» кабарчысына бул каттамга билеттер сатыкка чыгарыла баштагандыгын айтышты.

Компаниянын айтымында эки багыттуу эконом-класс билетинин баасы учуудан бир жарым ай эрте алына турган болсо, 800 доллар чамасында болгондугун маалымдашты.

Мурда Оштун тургундары Стамбулга Бишкек аркылуу гана уча алышчу.

Оштон Стамбулга Бишкек аркылуу эконом-класс менен учуунун болжолдуу баасы азыр 920 АКШ долларынан ашык.

Европага эшик

Азыркы убакка чейин Оштон эл аралык каттамдар Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана башка шаарларына, ошондой эле Кытайдагы Урумчиге гана аткарылчу.

«Кыргыз Концепт» туристисттик компаниясынын аткаруучу директору Данияр Аманалиев аталган жаңы рейстин ачылуусу Оштун өнүгүүсүнө пайдалуу таасир тийгизет деп эсептейт.

«Ош үчүн бул Европага ачылган эшик болот. [...] Баарыбыз түштүктө эмгек миграциясынын көптүгүн билебиз. Мындан улам, миграциондук агым Орусияга эле эмес, Түркияга дагы багыт алуусу мүмкүн», — деди Аманалиев.

2012-жылдын апрелинде кыргызстандык «Эйр Бишкек» компаниясы өзүнүн Бишкек — Стамбул каттамын жаап салгандан кийин, «Түрк аба жолдору» кайра Кыргызстандан Түкияга учуулардагы монополист болуп калды.

«Эйр Бишкектин» айтымында, алар өз каттамын «экономикалык жактан эффективдүү болбогондугу» үчүн жабышкан.

Алардын билдирүүсү боюнча, «Түрк аба жолдору» Кыргызстандын рыногунда зыян көрсө да иштей алышат. Алар чыгымдарын башка багыттагы каттамдар менен жабышы мүмкүн. Ал эми жергиликтүү авиакомпанияларга Стамбулга каттам пайда алып келген эмес.

Автор: Гүльнара Ибрагимова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы

Сүрөт: Adrian Pingstone, Википедиядан алынды