Кыргызстандын бюджетинде Сотторду тандоо кеңеши үчүн каражат жок


Сотторду тандоо кеңеши республикалык бюджеттен каржыланышы керек. Ага карабастан, жергиликтүү соттордун акчасына иш жүргүзүп келе жатат, деп билдирди Кыргызстандын сот департаменттин башчысы.Каржы министрлиги кеңешти 2013-жылдык республикалык бюджетке кошоорун маалымдады.

Сот департаментинин башчысы Алтынбек Таджибаев «Клоопко» берген интервьюсунда Кыргызстанда сотторду тандап жана сунуштаган негизги органдын ишмердүүлүүгү жергиликтүү соттордун бюджетининин эсебинен жүргүзүлүп, «Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет деп маалымдады.

2001-жылы кабыл алынган бул мыйзам боюнча аталган орган республикалык бюджеттен каржыланышы керек.

Таджибаевдин айтымында, май айынын аягында азыркыга чейин бекитлбей келе жаткан 2012-жылдын бюджетинде, сотторду тандоо кеңешинин каржылоосу үчүн атайын берене пайда болот.

Бирок каржы министрлигинин басма сөз кызматы үстүбүздөгү жылдык республикалык бюджетте аталган органга каражат бөлүнгөн эместигин маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматкери аталган кеңешке республикалык бюджеттен 2013-жылдан тарта каражат болуп башташары мүмкүн экендигин айтты.

«Быйыл бизде ал үчүн каражат жок», – дейт басма сөз кызматы..

Таджибаевдин айтымында Кыргызстандын өкмөтү кеңештин мүчөлөрүнө берилчү акынын көлөмүн да аныктаган эмес.

Бирок, бул органдын жумушуна тоскоол болгон жок – кеңеш мучөлөрү Кыргызстанда сотторду тандоонун жаны системасынын үстүндө иштеп жатышат.

Система сотторду азыркыдай «адамдык мүнөздөмөлөрүнүн» эмес, кесиптик сапаттарынын негизинде тандоого таянат.

Мындан сырткары, соттукка талапкерлер жаңы сынак ситемасынан өтөт, деди сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев.

Сотторду тандоо кеңеши – 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Кыргызстанда түзүлгөн орган.

Алгачкы күнүнөн бери аталган орган саясий тартышуулардын очогунда болуп келет. Түзүлгөнүнө бир ай болгондо, укук коргоочулар бир катар нааразычылыктарын билдиришип, биринчи төрагасы Замир Базарбековду мурда сот катары «укуктук болбогон чечимдерди кабыл алган» деп айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Бул талаштын натыйжасында, мурдагы медиа акыйкатчысы Шамарал Майчиев кеңештин төрагасы болуп аталган.

2012-жылдын жазында мындай талаштардын экинчи толкуну өттү. Бул учурда Президент Алмазбек Атамбаев кеңешке жергиликтүү сотторду атоодо көбүрөөк ыйгарым укук берилген кеңеш тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алган эле.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы