Ош: Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай жери талашка түштү



Ош шаарынын жер тилкесине муктаждар жана Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын ортосунда жайытка пайдаланылып жаткан жер бир айдан бери талаш болууда. Жергиликтүү бийлик бул маселени азырга чейин чече элек.

Ош шаарынын жер тилкесине муктаж тургундары турак-жай куруу үчүн Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочулары жайытка пайдаланып жаткан Кең-Сайдагы 500 гектар жер тилкесин бир айдан бери талашып жатышат.

Талаштагы жер 2010-жылда Жапалак айыл округуна караган, жергиликтүү калк өз ара бөлүп алышкан.

Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматов бир жылдан кийин Жапалак айылы шаардын карамагына өткөндө, жергиликтүү калк жайытты өкмөткө пайдаланууга макулдугун беришкен деп маалымдады. Бирок бул жылы жер тилкелерин кайтарып берүүдөн баш тартышууда.

Токтом чыгаруусун талап кылышууда

Кең-Сай жерин өз менчик катары эсептеген Гүлү Букуева бул маселе чечилбесе, жер тилкелерин “күч колдонуп басып алаарын” айтты.

“Биз мыйзамдуу түрдө документ тапшырып Кең-Сай жеринен эки жыл дегенде алты сотых жер алганбыз. Ошол жерге шагыл төгүп коёюн деп барсам жапалактыктар киргизбей койду […]. Элдин талабы күчтүү, эгер жерлерибизди кайтарып бербесе, күч колдонуп басып алабыз”,—дейт Букуева.

Ал эми ушул эле жерге муктаж болгон Зууракан Матирова өткөн жылы комиссия түзүлүп, жерге муктаждардын тизмесин чыгарып бергендигин айтты. Азыр Кең-Сай жер тилкелерин бөлүп берүү токтом чыгарып берүүсүн талап кылууда.

“[…] Бизге токтом чыгарып беришин талап кылып жатабыз. Атамбаевдин колу колбу же тооктун бутубу[…]? Биз кат жазганбыз. Жогорку Кенеш, Атамбаев же Бабанов жооп бербейт”,—деп кейиди Матирова.

Ал эми вице-мэр Мирзаматов азыркы учурда токтом качан кабыл алаарын белгисиз жана эки тараптын да кызыкчылыктарын коргоо керек экендигин билдирди.

“Жантөрө Сатыбалдиев [президенттин аппарат жетекчиси] ушул Жапалак маселесин чечип, токтом чыгартып берүүгө убада берген. Токтом чыга элек. Бул жерде бирөөнүн пайдасына чечилет, бирине чечилбей калат деген сөз жок. Эки тараптын тен пайдасына чечилет”, —деп билдирди Мирзаматов

Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы Мойдун Ражапов жапалактыктар бул жер тилкесин эч кимге бербөөсүн айтып жатышканын билдирди.

“Бул жер Жапалак айыл округунун жери. Жапалактын эли, жерди эч кимге бербейбиз деп жатышат. Эми өкмөт Кең-Сай жерин муктаждарга берүүнү пландап жатат. Бирок токтом чыга элек жер азырынча эч кимге бериле элек”,— дейт Ражапов.

Автор: Нуржамал Мураталиева

Редактор: Айзат Шакиева