Депутат мини-юбкаларга каршы, феминисттер муну укук бузуу деп аташууда

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу парламент имаратында кыска юбка кийгенге тыюу салууну талап кылды. Феминисттер муну «аялдардын укугун бузуу» катары эсептешет.

«Ар-намысчы» депутат Жогорку Кеңештин имаратында мини-юбка жана спорттук кийимдерди кийүүгө тыюу салып, дресс-код сактоонун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылды.

«Азыр тыныгууда коридордо алдымда мини-юбкачан кыз баратты. Мен ага карамак эмесмин, бирок алдымды карбасам, чалынып кулап түшмөкмүн», — деди Бакир уулу 17-майдагы отурумда. Бул тууралуу дароо бир канча кабар агенттиктери маалымдашты.

Эл өкүлү парламенттин имараты ичинде көргөн «спорттук кийимдеги жигиттердин» дарегине да нааразычылык билдирди.

Депутат өкмөттөгү тартипти үлгү алууну сунуш кылды. Анын айтымында, өкмөт имаратында эч ким мини-юбкачан жүрбөйт.

«Ата Мекен» фракциясынан Ширин Айтматова «Клоопко» кыска юбка киерин мойнуна алып, эми узунураактарын камдап жаткандыгын айтып тамашалады. Айтматова тамаша кылып «хиджаб кийгиси келбестигин» билдирди.

Социал-демократтардан Ыргал Кадыралиева «ар-намысчыны» колдоодо.

Опозициялык «Ата-Журт» партиясынан Эльмира Иманалиева Бакир уулу менен пикирдеш. Анын ою боюнча мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматкер статусуна жараша дресс-код сакталуусу зарыл.

«Тизеден бир аз бийигирээк же ылдыйыраак келген «мидилер» бар. Менимче, ошолор жакшы болот», — деди Иманалиева

Бишкек «СКью» феминисттик демилгеси, аталган сунушту сынга алды. Демилгенин негиздөөчүлөрүнүн бири Сельби Джумаева кыска юбкаларды кийүүгө тыюу салууну «өзүн өзү көрсөтүү укугун бузуу» катары эсептейт.

Джумаева «аял эркектен көз карандысыз түрдө кыска юбка кийип же болбосо, кандайдыр бир башка жол менен өзүн өзү көрсөтүп жатса да, эркек киши аялдын денесин каалагандай бийлөөгө болорун ойлойт» — деп нараазы болду.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы