Орусиянын бийлиги Кыргызстанда мигранттарды даярдоо борборун ачат


Федералдык миграция кызматы Кыргызстан боюнча келечектеги миргранттарга орус тилин, Орусиянын тарыхын жана мыйзамдарын үйрөтө турган борборлорду ачат. Алар эмгек мигранттары үчүн киргизилгени жаткан сынактарга багытталган иш алып барышат.

Борборлордун ачылуу мөөнөттөрү тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан да, Орусиянын Бишкектеги элчилиги тарабынан да маалымат берилген жок.

Мигранттар үчүн жаңы сынактар 2012-жылдын ноябрь айында киргизилет. Алардын жардамы менен орусиялык бийлик орус тили жана ошондой эле Орусиянын тарыхы менен маданияты боюнча билими текшерилет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мигранттарды даярдоо борборлору Кыргызстандын бардык райондорунда иш алып барат.

Кыргызстандыктар Орусиядагы эмгек мигранттарынын эң чоң тобун түзүшөт. Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына таянсак, 2010-жылы алардын саны 380 миң адамды түзгөн.

Кыргызстандан барган мигранттардын расмий эмес саны белгисиз.

2011-жылы кыргызстанык мигранттар мекенине 1 миллиард АКШ доллар которушкан. Бул ички дүң продукциясынын 23 пайызынын түзөт.

Мигранттар үчүн сынак киргизүүнүн демилгечиси Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин болгон. Расмий Кремль мындай кадамдын максаты «Орусия Федерациясынын көп улуттуу калкыннын биримдигин күчөтүү, улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу» экенин түшүндүргөн.

Бул идеяны сынга алгандар сынактан өткөндүгү тууралуу сертификаттардын сатылуусу түрүндө жаңы коррупциялык схеманын жана азыркы убакта Орусияда иштеп жүргөндөрдүн сынактан өтүү кыйынчылыктарынын пайда болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтышкан.

Кыргызстандык серепчилер мигранттарды даярдоо борборлорун ачуу жөнүндөгү жаңылыкка ар кандай көз карашта.

«Кыргыз Концепт» туристтик компаниясынын президенти Эмиль Уметалиев аталган ойду «жакшы» деп атап, бирок «миграцияга өз өлкөбүздөн чыгым жасабашыбыз керек» деген оюн айтты.

Экономика тармагындагы серепчи Сергей Пономарев мигранттардын эң көп кеткен аймактарга өзгөчө көңүл бөлууну сунуштады. Кыргызстанда мындай абалда биринчи кезекте түштүктөгү областтар турат.

«Менимче, потенциалдык эмгек мигранттары бар болгон район жана областтарда окутуу туура», — деп белгиледи Пономарев.

Кыргызстандын Улуттук банкынын билдирүүсү боюнча, Кыргызстан акча которуулардын көлөмү менен ички дүң продукттун катышы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев жана Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы

Сүрөттүн автору: Елена Скочило