ОшМУнун студенттери күн нуруна аш демдешти

Ош мамлекеттик университетинин энергетика кафедрасынын илим изилдөө ийриминдеги мугалимдер жана студенттер өздөрү жасап чыккан прибор аркылуу күн нурунан аш демдешти.

ОшМУнун физика-техникалык факультетинин энергетика кафедрасынын башчысы Зарипбек Айдарбеков күн мешинен тамак жасоо эксперементалдык демилгени энергетика кафедранын окуутучулары жана студенттери көтөргөнүн билдирди.

Бул прибор жөнөкөй парабола антеннанын табакчасынан жасалып, ага 1200 тегерек күзгү, айнек клей менен табакчанын үстүнө жабыштырылган.

Прибор үч жыл мурун жасалган. Ал эми мартта кайрадан оңдоп-түзөө иштерин башташып, 15-майда Ош шаарынын облустук китепкананын алдында аш демдешип иштетишкен. Жалпысынан 6,500 сом жумшалды.

Парабола антеннанын ичиндеги күзгүлөр бири бирине коюлуп нур тарап, ысык температураны берип тамак бышырууга шарт түзөт.

Муну куруу жана кайрадан чогултууга жарым сааттай кетет.

Тамак-ашты бышыруу же сууну кайнатуу үчүн алардын идишин таянычы менен күн жакты каратып кою керек.

Жасоочулардын айтымында, газга бышырылган тамак-аш канча убакытта аяктаса күн мешинин приборунда да ошондой убакытта даяр болот.

“Анан кийин алдындагы таянычын өзүбүз жасап чыкканбыз, тамак коючу таянычын дагы толук баягындай регулирование кылып туруп аны дагы жасап чыкканбыз”,—деди Айдарбеков.

Энергетик кошумчалагандай, күн меши прибору ар өлкөлөрдө бетон жана гипс курулуш материалдардан жасалат.

“Оор болот салмагы 150 килограмм -300 килограмм, бир жерге жылдыбы ал жерден жылдырышбайт”,—деп түшүндүрдү ал.

Салыштырмоо үчүн ОшМУнун мугалимдери жана студенттери жасаган приборунун салмагы 35 киллограмм.

“Биздики мобилдүү, мисал үчүн жайлоого кетип калсаңыз, машинанын багажнигине салып коюп эле, [...] жүк болбойт. Күзгүлөргө дагы күч келбейт. Бири бирине үстүнө коюлат, коюлганда ортосуна картон таштап коюш керек, жумшак картондон, ошондо күзгүлөр да сынбайт жакшы барат”,—дейт энергетик.

ОшМУнун физика-техникалык энергетика факультетинин 4-чү курсунун студенти Замирбек Эркиналиев биринчи жолу мындай приборду 2009-жылы агайлары менен биргеликте жасап Ысык-Көлдөгү “XXI-кылымдын интелектуалдуу конкурсунда” экинчи орунга ээ болгонун айтты.

“Азыр биз күн мешинен аш басып жатабыз [...]. Мен биринчи курска келгенде эле ушул нерселерге кызыгып агай менен бирге тил табышып келгенибизде”,—деди студент.

2009-жылы студент Замирбек Эркиналиев агайлары менен мындай экспериментти Ысык-Көлдө, Бишкекте өткөрүшкөн.

Автор: Тахмина Тойчубек кызы

Редактор: Айзат Шакиева