Тажикстан кинотеатрлары «Диктатор» тасмасын «жергиликтүү менталитеттин» себебинен көрсөтүшпөйт

Тажикстан Түркменстандан башка Борбордук Азиядагы «Диктатор» тасмасын көрсөтпөй турган жалгыз өлкө болду. Аталган тасмада Муаммар Каддафи окшош африкалык башчы мыскылга алынган.

Тажикстанда дүйнөлүк кинопремьералардын жалгыз таратуучусу «Тантана» компаниясынын башчысы, «Клоопко» берген инрервьюсунда өлкөгө «Диктатор» тасмасын тургундардын «менталитетинин» себебинен алып келбегендигин айтты.

Түркменстандан башка Борбордук Азия мамлекеттеринин бардыгында башкы ролдо Саша Барон Коэндин катышуусунагы жаңы комедиянын премьерасы 17-май күнү башталды.

Душанбеликтер тасмага күбө боло алышпайт.

«Бизди Казахстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр менен салыштырган таптакыр туура эмес, себеби биздин менталитетибиз башкача экенин өзүңөр билесиңер. Биз ошону эске алып «Диктаторду» премьералардын тизмесине киргизген жокпуз», – деди «Тантананын» сатуу боюнча менеджери Далер Давлатов.

Душанбеде азыр эки кинотеатр иштейт. Борбордун жашоочуларына кайсы премьеранын көрсөтүүнү тандап жатып, «Тантана» «Кара кийимчен адамдар 3» тасмасына токтогон.

«Клооп» сурамжылоого алган тажик кинотеатр индустриясынын өкүлдөрүнүн арасынан жалгыз гана Давлатов себеп «менталитет» экенин айтты.

«Таджиккино» лицензиялык бөлүмүнүн башысы Акбар Шарипов баш болуп, калгандары «Диктатордун» келбей калганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бирок Шариповдун айтуусу боюнча, эгерде кандайдыр бир тасма Тажикстанда көрсөтүүгө лицензия албаса, аны көрсөткөн кинотеатрларга айып салынат. Ал эми «Диктатор» лицензия алуудан өткөн эмес.

«Ар бир тасма премьерасынан мурда «Таджиккинодон» лицензия жана индекс алышы керек. Ошол жерден аны эң кичүү канча жаштан көрүүгө болору да аныкталат. Фильм биздин бардык критерийлерибизге туура келиши керек, цензурадан өткөрүлүп, ашыкча жерлери кесилип, андан кийин гана чоң экрандан көрсөтүлөт», – деди Шарипов.

Генерал Аладин

Комедия-пародиялык «Диктатор» тасмасында Саша Барон Коэн — ойлоп табылган Африка өлкөсү Вадиянын башчысы, генерал Аладиндин ролун аткарат.

Би-би-синин билдирүүсүнө таянсак, бул каарман Ливиянын бийликтен түшүрүлүп, кийинчерээк өлтүрүлгөн башчысы Муаммар Каддафиден көчүрүлүп алынган.

Борбордук Азияда Коэн, баарынан мурун, 2006-жылы чыккан «Борат: Американын атактуу Казакстан малекетинин кызыкчылыгы үчүн маданий изилдөөсү» комедиясындагы башкы ролу менен таанымал.

Жогорудагы комедияда анын карманы – казакстандык журналист Борат Согдиев, актриса Памела Андерсонго үйлөнүү максатында АКШда саякатта жүрөт.

Казакстан бул тасмада жынысына карай бөлүү, антисемитизм орун алган, автоунаалар аттардын жардамы менен жылдырылган, өнүгүүдөн артта калган мамлекет катары көрсөтүлгөн.

Казак бийлиги алгач аталган фильмди сынга алып, Коэнден borat.kz доменин алып коюшкан жана тасманы кинотеатрларга көрсөтүүгө уруксат бербей, «Боратты» көрсөтүп жаткан учурда MTV телеканалынын трансляциясын токтотуп коюшкан.

Кийинчерээк бирок, Казакстан бийлигинин көз карашы өзгөргөн. 2006-жылдын аягында президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн жарандарын бул комедиянын үстүнөн күлүп койууга чакырган, андан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги «Борат» өлкөгө туристтердин агымын арттыргандыгын да мойнуна алган.

Душанбелик саясий серепчи Мусо Асозода Барон Коэндин катышуусундагы жаңы фильм «Тажикстандын улуттук кызыкчылыктарына» туура келбей жаткан болушу мүмкүн деп божомолдоду. Ал ошол эле учурда «Диктатордун» тажик кинотеатрларында жоктугу ага болгон кызыгууну тескерисинче артырарына ишенет.

Убагында мындай окуя «Борат» тасмасы менен да болгон. Кинотеатрларда көрсөтүүгө тыюу салынгандан кийин, «Борат» 2007-жылы жазында «Амазон» интернет-магазининен эң үзгүлтүксүз сатылып алынган фильм болуп калган.

Автор: Мухаммадозод Сидиков

Редакторлор: Зарина Эргашева жана Бектур Искендер

Макаланын түп нускасы Клооп.тж сайтында чыккан

Которгон: Нураида Абдыкарап кызы