Фермерлер ассоциациясы: Чүй облусундагы дан эгиндери быйыл кургакчылыктан начар түшүм берет

Чүй облусундагы дан эгиндери быйыл кургакчылыктан начар түшүм берет, дейт фермерлер жана дыйкандардардын ассоциациясы. Серепчилер түшүмдүн начар болушу экономикага терс таасирин тийгизет деп божомолдошууда.

Фермерлер жана дыйкандардын ассоциациясынын төрагасы Алексей Веденов «Клоопко» берген интервьюсунда, кургакчылыктан Чүй облусунун талааларында жаңы өсүп келе жаткан дан эгиндери күйүп кеткендигин маалымдады.

Анын божомолуна таянсак, быйыл аталган өрөөндүн талааларынан фермерлер түшүм чогулта алышпайт.

«Нарында, тоо этектери сыяктуу жерлерде түшүм болот. […] Климаттык шарт нормалдуу эмес, көрүп турганыңыздардай, күн эрте ысып кетти», — деди Веденов.

Веденов кургакчылыктан жабыркаган талаалардын көлөмүн айта албады.

Экономист-серепчи Айылчы Сарыбаев Чүй өрөөнүндөгү аз түшүмдүүлүк өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизерин айтты.

Экономист Эмиль Уметалиев да Кыргызстандын түндүгүндөгү кургакчылык бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнө зыянын тийгизерин белгилеп өттү.

Сарыбаев Уметалиевге салыштырмалуу фермерлер жана дыйкандардын ассоциациясынын билдирүүсүнө оптимисттүү көз карашта.

«Чүй өрөөнүндө табигый кырсыктар көп болбойт, мында жер иштетүү маданияты өнүккөн», — дейт серепчи.

Уметалиев да, Сарыбаев да экономикага келтириле турган зыяндын ченемин божомолдоп айтуудан баш тартышты.

«Аба ырайы и климат» сайтынын маалыматына таянсак, ордо калаада жаздын он күнүнү жетөө жаан-чачынсыз өткөн. Ал эми жааган жаандын көлөмү эки жолу гана 10 миллиметрлик көрсөткүчтөн ашкан.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы

Сүрөттүн автору: Mundoo