«Альфа Телекомдун» акцияларын сатуу боюнча аукцион арыздардын жоктугунан өткөрүлбөйт

«Мегаком» уюлдук операторунун ээси «Альфа Телеком» компаниясынын акцияларынын 49 пайызынын сатылуусу белгиленген убакта өткөрүлбөйт. Аукциондо катышуу үчүн эч ким арыз берген эмес. «Мегакомго» сатып алууга кызыкдар швециялык «Телиа Сонера» акыркы учурда катышуудан баш тарткан.

«Альфа Телекомдун» акцияларынын сатуу боюнча аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу 18-май күнү саат 16:30да аяктады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, катышуу үчүн эч ким арыз берген жок. Бул маалыматты фонддун директорунун орун басары Назира Усеналиева тастыктады.

Аукцион 22-май күнү өткөрүлүшү керек эле, бирок эми ал белгисиз мөөнөткө жылдырылат.

Жаны аукциондун күнүн парламентин депутаттары белгилешет. Парламентарийлердин көпчүлүгү Кыргызстан рыногунун эң ири компаниялардын бири «Мегакомдун» акцияларынын сатылышына каршы.

Усеналиева швед телекоммуникациялык гиганты «Телиа Сонера» «Альфа Телекомдун» акцияларына кызыгып жатып, бирок акыркы учурда аукционго катышуудан баш тартканын айтты.

«Алар [«Телиа Сонера»] кызыгып, документтерин даярдап жаткан, анан акыркы күнү баш тартышты», — деди Усеналиева.

Экинчи аукцион

«Телиа Сонера» 2011-жылдын аягында өткөлүлүүсү керек болгон биринчи аукционго катышкан. Аталган швед компаниясы жалгыз катышуучу болгондуктан, биринчи аукцион да өтпөй калган.

Аукциондун өтүшү үчүн эң аз эки талапкердин катышуусу керек.

«Клооптун» кабарчылары «Телиа Сонера» компаниясынан комментарий алуу үчүн байланыша албады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басарынын айтымында аукционго катышуудан баш тартуу жөнүндө чечимди швед компаниясынын директорлор кеңеши кабыл алган. Аталган компания бүгүнкү күндө Борбордук Азияда казакстандык «Кей-Селл», өзбекстандык «Уз-Селл» жана тажикстандык «Ти-Селл» операторлорунун ээси.

«Альфа Телекомдун» 49 пайыздык акциясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин улутташтырган.

Өкмөттүн айтымында, компания кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин шериги Алексей Елисеевдин карамагында болчу.

2011-жылы жазында өкмөт «Альфа Телекомдун» жетекчилигине Азамат Мурзалиевди дайындаган.

2012-жылдын башында УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Мурзалиевди камакка алган.

Мурзалиевге каршы Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козгологон.

Азыркы күндө Азамат Мурзалиев УКМКнын тергөө абагында.