Күрпсай ГЭСиндеги өрт трансформатор майынын күйүүсүнөн улам чыккан


«Клоопко» Өрт коопсуздугу агенттигинин өкүлү билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Күрпсай ГЭСиндеги өрт трансформатордук станциялардын бириндеги майдын күйүп кетүүсүнөн улам келип чыккан. Мындагы өрт чакыруудан дээрлик 3 саат өткөндөн кийин өчүрүлгөн.

От чыккандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 20-май күнү саат 12:50дө келип түшкөн. Алар аны үч сааттан кийин гана 15:30 өчүрүп бүтүшкөн.

Өрттү Курпсай гидроэлектростанциясына эң жакын жайгашкан Каракол шаарынын өрт өчүргүчтөрү токтотушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу агенттигинин өкүлү өрттүн чыгуу себеби подстанциялардын бириндеги трансформатор майынын күйүп кетүүсү экендигин айтты.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, өрт бардык тескөө кабелдерге зыян келтирген. Жабыр тарткандар болгон эмес.

Аталган өрт тууралуу биринчилерден болуп Бишкек-Ош авто жолунда бара жатып, окуяга күбө болгон «Твиттердин» колдонуучусу Айдар Окенов кабар берген.

Энергетика министрлигинен өрт болгон жерге жөнөгөн комиссия, азырынча өрттүн чыгуу себебин тууралуу билдирүү жасай элек.

Курпсай ГЭСи Нарын дарыясында жайгашып, Кыргызстанддын түштүгүн камсыздандырган өлкөдөгү кубаттуулугу боюнча экинчи гидроэлектростанция.

Анын орнотулган кубаттуулугу 800 мегаватт, бул көрсөткүч Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан бир жарым эсеге аз.

Өрт жана андан кийинки авариялык өчүрүүнүн себебинен, энергетика министрлигинин расмий билдирүүсүнө таянсак, 200 мегаватт өлчөмдөгү оордук ташталган.

Системанын автоматтык түрдө өчүрүлүүсүнүн себебинен Кыргызстандын түштүк областтары Таш-Көмүр, Шамал-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтери аркылуу камсыздана баштады, — деп билдирди «Тазабек» кабар агенттиги энергетика миистрлигине шилтеме жасады.

Авторлор: Бектур Искендер жана Юлия Кустрич

Сүрөттүн автору: Айдар Окенов