Кара-Балтадагы «Пальмиро Тольятти» конушунун тургундары үйлөрдүн жанына мунай затты сактоо үчүн кампалардын курулуп жаткандыгына нааразы. Алар завод жетекчилигинен кыймылсыз мүлктөрүн сатып алууну же өндүрүштү жаап салууну суранууда. Мунай иштетүүчү заводдун өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартып, жергиликтүү бийлик атайын комиссиянын корутундусун күтүп жатат.
Үйлөрдүн жанында мунайды сактоочу цистерналардын курулуусу жашоочулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн, дейт «Пальмиро Тольятти» конушундагы үй-бүлөлөр демилгечи тобунун жетекчиси Татьяна Голубцова.
«Мунай кампалары адамдар жашаган шаарчадан 200 метр аралыкта жайгашуусун туура эмес деп эсептейм. Мурда алар күн бою ширетишип, каккылашып шаарчага жашоо бербей жатышкан. Азыр эми бул дат баскан көлөмдүү мунай сактоочу жайларды тазалап, сырдашат. Кайра эле жаман жыттар менен биз дем алабыз», — дейт Голубцова.
Анын айтымында, «Джунда» Чайна петроль компани» ишканасы тарабынан курулуп жаткан мунай иштетүүчү заводунун жетекчилиги санитардык-коргоо аймагында жайгашкан турак жайлары сатып алуусу керек. Бул аймак саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык эрежелер жана нормалары тарабынан аныкталат.
Мунай кампалар 100 метрден 1000 метрге чейин ар кандай узундукта.
Заводдун жетекчилиги санитардык-коргоо аймагы мунай сактоочу жайдан 150 метр аралыктан башталат деп эсептейт, дейт жергиликтүү бийлик компаниянын өкүлдөрүнө шилтеме жасай.
Кампа мунай заттарын сактоочу жайлардын катарына киргендиктен санитардык-коргоо аймагы нормалар боюнча 500 метр болуш керек дейт Голубцова.
«II класс – санитардык-коргоо аймагы 500 метр: [...] Чийки мунай, битум, мазут жана башка илээшкен мунай заттары жана химиялык жүктөрдүн сакталуучу жана ташылуучу жайлары» — деп айтылат саламаттык сактоо министрлигинин документинде.
Кара-Балтанын вице-мэри Аслан Акматов «Клоопко» берген интервьюсунда райондук санэпидемстанция 150 метр санитардык-коргоо аймагын аныктагандыгын айтты.
Жайыл районунун башкы санитардык дарыгери Осмоналы Джолдошбаев мунай кампасын 150 эмес, 500 метрдик аймакта курууга макулдук бергенин айтууда.
2009-жылы кытайлык ишкана шаар ичине, азыркы кампалар жайгашкан жерге мунай иштетүүчү завод курууну пландаштырып жаткандыгын, бирок шаар тургундары жана райондук санэпидемстанция ага каршы чыгышкандыгын кошумчалады.
Заводду Кара-Балтадан болжол менен үч чакырым аралыкта шаар тышына курмай болушкан. Ал эми эски орунга завод жетекчилиги даяр заттар үчүн кампаларды орнотууну чечкен. Мындай көрүнүш «Пальмиро Тольятти» конушун тургундарынын нааразычылыгын жараткан.
Эки жылга созулган белгисиздик
Тургундар ишкананын мунай сактоочу жайга жакын жаткан үйлөрдү сатып алуу боюнча жообун эки жылдан бери күтүп келишет.
Завод жетекчилиги мындан мурун эки үйдү сатып алышкан, сегиз үй-бүлө шаардын башка райондорунда жаңы турак-жайлуу болушкан. Сатып алынган эски үйлөр буздурулган.
Ишкана калган үйлөрдү сатып алууга шашпай жатат. Тургундардын айтымында, алардын турак-жайларын завод иштеп баштаганда сатып алабыз деп убада беришкен. Анткен менен курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү азырынча белгисиз.
Шаар тургунун Елена үйүн өз алдынча сатууга аракеттенип жатканын бидирди. Анын ою боюнча, мунай сактоочу жайлар конуштун сырткы көрүнүшүн бузуп, шаардыктардын ден-соолугуна зыянын тийгизип жатат.
«Эми аларга [компанияга] кантип сөзүбүздү жеткиребиз? Алар болбогондо, биз мурдагыдай эле жашай бермекпиз. Кыйналмактак да эмеспиз. Буга чейин эртең эмне болот деп тынчсызданбастан отургузарын отургузуп, сугагарарын сугарып жашап келе жатканбыз», — деп ачуусу келди Елена.
Натыйжаларды күтүү
Шаардын вице-мэри Аслан Акматов «Клоопко» май айынын башында «Джунда» компаниясынын кызматкерлеринен атайын комиссия түзүлгөнүн, жана ал комиссия кайсыл үйлөрдүн санитардык-коргоо аймагында жайгашканын жана алардын баасы канча экенин аныктай турганын билдирди.
«Бардык маалыматты косиссия мүчөлөрү май айынын аягына чейин көрсөтүшү керек. Шаар тургундары да текшерүү иштери үчүн убакыт керек экенине макул болушкан», — деди вице-мэр.
«Джунда» ишканасынын өкүлү жетекчилик тарабынан журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салгандыгын билдирди.
Ал эм тургундар майдын ачгына чейин эч кандай натыйжа чыкпаса, мунай кампаларынын алдына боз үйлөрдү тигип, митингдерге чыгып, өз укуктарын коргоону улантууга даяр экендигин айтышууда.
Кара-Балтадагы завод – Кыргызстандагы мунай иштетүүчү эң алгачкы заводдордун бири. Анын курулуш иштери 2009-жылы кулатылган президент Курманбек Бакиевдин башкаруу учурунда башталган.
Заводдун техникалык мүнөздөмөлөрү белгисиз, компаниянын өкүлдөрү жана кызматкерлери комментарий берүүдөн баш тартышты.
Авторлор: Светлана Пак, Галия Хайретдинова жана Севара Марасулова
Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы