Москва шаарында Кыргызстандык жана Өзбекстандык мигранттар ортосунда мушташ чыкты

Москва шаарынын боборунда Кыргызстан жана Өзбекстандан барган мигранттардын арасында мушташ чыкты. Аны орусиялык ММКлар «массалык» тополоң деп аташууда. «Дождь» телеканалы баары болуп 79 адамдын камакка алынгандыгын, дагы экөөнүн ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Мигранттардын кагылышы 20-май күнү кечинде Орусиянын ордо калаасы Москва шаарынын Олимпийский проспектинде болгон.

«ИИМдин маалыматына таянсак, кечинде ал жерде алгач сырткы көрүнүшү азиалык 50дөй адам чогулган. Чыр-чатак кыргыздар жана өзбектердин ортосунда чыкканы аныкталды», — деп билдирет «Дождь» телеканалы.

Натыйжада эки адам ооруканага жеткирилген. Алардын бирөөсү курсагынан, экинчиси башынан жарадар болгон.

«Дождь» телеканалы Орусиянын ички иштер министрлигине шилтеме жасап, «коомдук тартипти бузгандыгы үчүн» 79 адамдын кармалгандыгын маалымдады.

Аталган телеканалдын маалыматына таянсак, кармалгандардын бардыгы полиция кызматкерлери менен болгон «профилактиклык маектен» кийин бошотулган.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги «Клооптун» кабарчыларына мындай мушташтын болгондугун ырастап, окуя тууралуу кененирээк маалымат чогултуп жаткандыгын билдирди.

Элчилик азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.

Өзбекстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө «Клооптун» кабарчыларына мындай чыр-чатак тууралуу кабары жок экенин айтышкан.

«Фергана.ру» маалыматтык агенттигинин башкы редактору Даниил Кислов «Дождь» телеканалына берген интервьюсунда, кыргыз жана өзбек мигранттарынын кагылышуусунун себеби 2010-жылкы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн, 400дөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен улуттар арасы тополоңдон калган ыза», — деп маалымат берген.

Кыгызстан жана Өзбекстандык мигранттар Орусиядагы эңири мигранттык коомчулуктардан болуп эсептелишет.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы

Сүрөттүн автору: Елена Скочило