Талас: суу ташкындары 600дөн ашуун малды агызып кетти

Нөшөрлөгөн жаан-чачындар Талас облусунда суу ташкындарына алып келди. Жыйынтыгында 1000дей гектар айдоо анянттарын жууп, 600дөн ашуун мал агызып кетти.

Талас облусунун Бакай-Атай районунун Кызыл-Октябрь жана Ынтымак айылдарында 19-майда жааган жамгыр суу ташкындарына алып келген.

Атын атагысы келбеген өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча өкүлү, «Клоопко» берген интервьюсунда 210 турак-жайды суу каптап, аныны 12 жараксыз абалга келгендигин айтты.

Суу ташкындары 1100 гектар айдоо аянттары жууп, 600 баш малды агызып, 335и дайынсыз жоголгондугун кошумчалады.

Азыркы күндө ӨКМныны кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп, өлгөн малдын сөөктөрү көмүлүп жатат.

Ынтымак айылында жашаган фермер Нуржан Нарынбаев сел башталганда мал кайтарып жүргөн. Анын 50дөй коюн агызып, суу ташкындары «карагайларды жулуп кетип жатты» деп кабарлады.

«Суунун бийиктиги бир жарым — эки метр. […] Үч карагайды жыгып кетиптир, айылда свет жок. […]», — дейт Нарынбаев.

Айылда ичүү үчүн таза суу жок болгондугун кошумчалады.

Кызыл Октябрь айылынын тургуну Замирбек Усөн, ондой коюн жоготкондугун, бирок айдоо аянттары аман калгандыгын айтып берди.

Ынтымак айылынын дагы бир тургуну Айбек Алтынбаев, айдоо аянттары жуулуп кеткендигин баяндап кейиди.

«Үймдү суу каптап, ичтерине кирип кетти. Азыр ошол үйлөрдү тазалап жатам. Үйгө эки метрге жетпей, бир жарым метрдей кирди», — дейт Алтынбаев.

ӨКМ суу сордуруучу авто унааларды алып келгендигин кошумчалады.

Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу аймактар жазгы суу ташкындары жана кыяндардан суу алдында калышыты.

Баткен облусунда Лейлек районунда 300дөй үй суу алдында калып, бир айым каза болгон. Жалал-Абад облусунда 2800 турак-жай, Ош облусу боюнча 600дөй үй суу алдында калды.

Автор: Гүлбадам Камчыбекова

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөттө: түштүк региондордогу кыян