Аскаровдун жактоочулары жаңы күбөлөр табылгандыктан иштин кайра каралуусуна аракет жасоодо

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жактоочулары башкы прокуратурага анын ишин кайра кароодон откорүүнү талап кылган арыз менен кайрылышты. Айтымында, алар Аскаровдун 2010-жылдагы улуттар арасы тополоң учурунда милиция кызматкеринин өлтүрүлгөнүнө тиешеси жок экендигин ырастоочу жаңы күбөлөрдү табышкан.

Азимжан Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина 10 жаңы күбөнүн көрсөтмөлөрүн нотариус тарабынан ырасталгандыгын билдирди.

Алардын бардыгы 2010-жылдагы улуттар аралык коогалаңда Базар-Коргон айылынын көпүрөсүндө укук коргоочунун болбогондугун айтышууда. Коогалаң учурунда ушул көпүрөдө милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов каза болгон.

Аскаров Жогорку сот тарабынан Сулаймановдун өлүмүнө жана «улуттар арасы кастыкты тутандырган үчүн» күнөөлүү деп табылып, бүгүнкү күндө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз жана өзбектердин ортосундагы улуттар аралык коогалаң 400дөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен.

Мындай өкүмдү Кыргызстандын укук коргоочулары «саясий» деп аташты. Коогалаңга чейин этникалык өзбек Аскаров укук коргоочу сыпатында милиция кызматкерлеринин мыйзам бузууларын бир нече ирет изилдеген.

Ал өзү 2010-жылдын июнь айында колго түшкөндөн кийин базар-коргондук милиция кызматкерлери аны кыйноо колдонуп жаткандыгын бир нече ирет билдирген.

Крапивинанын айтымында, Аскаровдун кичи мекени болгон Базар-Коргон шаарынын нотариусу жаңы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тастыктоодон баш тарткан.

«Ошого байланыштуу күбөлөрдү Жалал-Абад шаарына алып барууга туура келди. 10 чакты күбөнүн билдирүүлөрүн алып барып тастыктоодон өткөрдүк», — дейт Крапивина.

Анын айтымында, ошодон кийин Жалал-Абаддык нотариустар да күбөлөрдүн билдирүүлөрүн тастыктабай калышкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Аскаровдун жактоочуларынан арыз келип түшкөнүн ырастап, аны мыйзамда каралган тарипте карап чыгууга убада берди.

2011-жылдын аягында Кыргызстандын Жогорку соту биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өмүр бою камоого алуу тууралуу өкүмүн калтыргандан кийин, бул иштин улануусуна эки жол калган. Аталган иш Кыргызстанда кайрадан ачылган жагдайлардын себебинен дагы бир ирет кароодон өтмөк же БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралып чыкмак.

60- жаштагы укук коргоочу өзү биринчи жолду тандап алды. Ал 2012-жылдын февраль айында эл аралык сот инстанцияларынын өкүмдөрүн күтүү үчүн өзүнүн өтө кары экендигин айткан.

Аскаров мөөнөтүн Бишкектин жанындагы №47 колониясында өтүп жатат.

Ал жер төлөөдө кармалгандыгы үчүн ден-соолугу начарлап баратканына бир канча ирет арызданган.

Авторлор: Бегимай Бекболотова жана Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы