Кыргызстандагы автоунаалардын көпчүлүгү мындан кийин техникалык кароодон өтүүгө милдеттүү эмес. Президент Атамбаев техникалык кароону жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Сынчылар бул мыйзамды «популисттик» деп аташууда.
Мыйзам ишкердик максатта колдонулбаган автоунаалардын техникалык кароодон өтүүсүн жокко чыгарат, ошол эле учурда автобустар жана атайын унаалар кароодон өтүүнү улантышат.
Калган айдоочуларга теникалык кароодон өз ыктыяры менен өтсө болот.
Аталган мыйзам парламент тарабынан 6-апрель күнү кабыл алынды. Президент кол койгондон алты ай откондон кийин, тактап айтканда 2012-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирет.
Коммерциялык унаалар үчүн милдеттүү кароо тийиштүү аккредитациясы бар диагностикалык борборлордо өткөрүлөт.
Президентин мыйзамды кабыл алуусуна жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгындагы (ЖККББ) карама-каршы кызыкчылыктар негизги түрткү болгон. Аталган орган мурда техникалык кароону өткөрүп, өткөндүгү тууралуу талондорду берип, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун да көзөмөлдөчү.
ЖККББдан азырынча кол коюлган мыйзам тууралуу комментарий алуу мүмкүн болбоду..
«Дизель» форумунун колдонуучулары тарабынана бул тема акыркы жарым жылдан бери кызуу талкууга алынып келе жатат. Мыйзамдын кабыл алынышына форумчулар дароо реакциясын жана пикирлерин билдире башташты.
Мынай кадамды сынчылар «популисттик» деп аташууда.
«Техникалык кароо арзан турат, андан көрө унаага болгон салыкты жокко чыгарышса болмок», — дейт форумчу Vah.
Авто унаалардын милеттүү түрдө техникалык кароодон өтүүсү маанисиз экенин да айтып жатышты.
«Эгер техникалык кароодон өтсөм, бир айдан кийин унаамдын тормозунуну бузулуп калышын алдын албайт», — semen13 лакап атындагы колдонуучу.
Сиз айдоочусузбу? Сиз коммерциялык максатта колдонулбаган унаалардын техникалык кароосун жокко чыгарылышына кандай көз караштасыз? Сиз мурда техникалык кароодон өтүп жатып кандай кыйынчылыктарга туш болгонсуз? Төмөндөгү форманы колдонуп, өз комментарийлериңизди калтырыңыз.
Авторлор: Бектур Искендер жана Зарема Султанбекова
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы