Бишкек шаарынын мэриясы: Токомбаев көчөсүндө бул жылы капиталдык оңдоо иштери өткөрүлбөйт


Бишкектиктердин арасында Жаңы жол атына конгон Аалы Токомбаев көчөсү Бишкек шаарынын мэриясынын «финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунан» жаңы асфальт менен капталбайт.

Бишкек шаардык мэриясынын каражаты Токомбаев көчөсүндө чуңкурларды оңдоого гана жетти, көчөнү жаңыдан асфальт менен каптоого 2012-жылы шаар бийлигинин каражаты жок, дейт мэрия алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) жетекчисинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов.

«Токомбаев көчөсү бул жылы титулдук тизмеге киргизилген эмес, ал кезектеги оңдоо, тактап айтканда чуңкурларды бүтөө тизмесине гана киргизилген. Ал эми оңдоо иштери жасалып бүттү», — дейт Жанболотов.

Жанболотовдун айтымында ККБ жыл сайын Жаңы жолду капиталдык оңдоо иштерине муктаж көчөлөрдүн тизмесине киргизет, бирок дайыма каражат жетпей калат.

Токомбаев көчөөсү — Бишкектин түштүк бөлүгүнүн эң маанилүү транспорттук артериясы. Ал жыш калктуу кичи райондорду шаардын борбору менен байланыштырып турат.

Аталган жол 80-жылдарда курулган, ошондон бери капиталдык оңдоо иштерин көргөн эмес, жалаң гана чуңкурлар оңдолуп турган.

2011-жылдын май айында ККБнын башчысы Марат Миязов «Клоопко» берген интервьюсунда Кытай өкмөтү бул көчөнүн капиталдык оңдоо иштерине 40 миллион юань (дээрлик 300 миллион сом) грант бөлүп бергенин айткан.

Бир жылдан кийин да оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок.

Кытайдын гранты «жетпей калды»

Бүгүн анын орун басары Жанболотов аталган грант Токомбаев көчөсүнөн тышкары дагы башка борбордук – Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө арналганын айтууда.

Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүн мэрия жакын арада оңдоого убада берип жатат, ал эми Токомбаев көчөсү мурунку чуңкурлары менен калды. Жанболотовдун айтымында, Бишкекке келген кытайлык адистер бөлүнүп жаткан каражат бул жолдорду оңдоого жетпейт деген чечимге келишкен.

«Алар Кытай (Эл) Республикасы бөлүп жаткан каражат Токомбаев көчөсүнө жетпей калаарын аныкташкан. Токомбаев көчөсү бул долбоордон чыгарылып салынган», — дейт Жанболотов.

Токомбаев көчөсүнүн абалы бишкектиктердин нааразычылыгын жаратып келет – муну өзгөчө Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунан байкаса болот.

SuxBuster лакап атындагы колдонуучу «Жаңы жолдун оңдолушун аябай каалайт элем», — деп 2011-жылдын февраль айында эле жазып чыккан.

«Жумасына эки-үч жолу чуңкурларга түшүп, эски жамаачтардан деги эле секирип өтүүгө туура келет. Эгер 20 км/саат ылдамдыктан тез келе жаткан болсоң, унаанын дөңгөлөктөрү көз ирмемге жерден ажырай түшөт», — дейт SuxBuster.

«Бул жол тилкеси жөнүндө такыр эле унутуп калышты», — деп Beni атындагы форумчу 2011-жылдын май айында жазган.

ККБ болсо, 2013-жылы Токомбаев көчөсүн капиталдык оңдоону талап кылган көчөлөрдүн тизмесине киргизүүгө убада берүүдө, бирок аны жасоого каражат табыларына кепилдик бербейт.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдос Казыбеков

Которгон: Нураида Абдыкарап кызы