НАТО Ооганстанга Кыргызстан аркылуу жүк алып өтөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Атлантика келишими уюму (НАТО) менен макулдашууга кол койду. Макулдашуу боюнча, НАТО Кыргызстандын аймагы аркылуу Ооганистанга поезд жана автоунаалар менен жүк алып өтө алат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана НАТОнун баш катчысы Александр Вершбоу 22-май күнү Чикагодогу саммитте, темир жол жана автоунаалар менен Кыргызстандын аймагы аркылуу Ооганстанга альянстын жүк ташып өтүүсүн мүмкүн кылган макулдашууга кол коюшту.

«Аталган Макулдашуу коопсуздукту сактоо, Ооганстанды турукташтыруу жана калыбына келтирүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоого багытталган, темир жол жана автоунаа менен ташылуучу жүктөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитин жөнгө салат.

Басма сөз кызматына өлкөнүн аймагынан кандай жүктөрдүн ташылып өтүлөрү жана макулдашуунун шарттары белгисиз.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев жаңы макулдашуу Кыргызстан жана Американын мамилелерине олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келбейт, деп эсептейт — АКШ НАТОнун эң маанилүү мүчөлөрүнүн бири.

Какчекеев «Америкалыктар Ооганстанга жүк алып өтүү операцияларын Транзиттик ташуу борборунун ижарасы тууралуу» келишимге таянып аткара берсе болмок», — деп эсептейт.

Саясат жаатындагы дагы бир серепчи Марат Казакпаев аталган макулдашууга жакшы баа берет. Анын пикиринде, Кыргызстандын аймагы аркылуу Ооганистанга жүк ташылганынын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтурулат.

Кол коюлган келишимге «Ата-Журт» оппозициялык партиясынан Роман Шин каршы чыкты.

«Эгерде кудай Американы жазаландыргысы келсе, ага торнадо жана табигый кырсыктарды жиберет. Ал эми эгерде кудай башка өлкөлөрдү жазаландыргысы келсе, аларга Американы жөнөтөт», — деп билдирди Шин.

Ал «мурдагы коммунист» катары НАТОнун Кыргызстан аркылуу жүк ташуусун «батыштын таасири» деп эсептеп, ага каршы пикирде.

Баарынан көп АКШнын аскерлеринен турган НАТОнун эларалык коопсуздук күчтөрү менен Афганистандын көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн «Талибан» ислам уюмунун аскердик тирешүүсү 11 жыл бою сүрүп келеп.

Башында, НАТОнун аскерлери Ооганстандын аймагында талибандарды кулатуу үчүн жүрүшкөн.

Алардын дагы бир максаты, «Талибандын» бирдиктерин, 2001-жылкы АКШдагы террористтик актыларга жоопкерчилик алган «Аль-Каида» уюмун жок кылуу.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы