Оштогу тергөө абагынын башчысы камактагыларды үйүндө иштеткендигин четке какты

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы «Фергана» кабар агенттигинде жарыяланган макаладагы маалыматты четке какты. Макалада Оштогу тергөө абактарынын биринин башчысы камактагыларды өз үйүндө иштөөгө мажбурлагандан кийин бирөө качып кеткендиги тууралуу билдирилген.

Оштогу №5 тергөө абагынын башчысы Абдыкадыр Асанов «Фергананын» анын абактагыларды үйүнө иштетүүгө алып барганы тууралуу маалыматын «жалган» деп атады.

Мындан сырткары, ал 18-май күнү чынында эле абактан бирөөнүн качканын, бирок анын саат 13:00тө, изолятордун аймагынан чыгып кеткенден беш сааттан кийин кайра кармалганын айтты.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорфдун версиясы боюнча, камактагы бирөө көзөмөлдөө-өткөрүүчү пункттун жанындагы короо иштерин жасап жаткан мезгилде качууга аракет кылган, бирок кайра дароо колго түшүрүлгөн.

«Ал качууга аракет кылды, бирок аны абдан тез кармап, кайра алып келишти. Ошондуктан эч кандай качуу болгон жок», — деди Никсдорф.

Абактын маалыматына карганда, качып кеткен туткун каракчылык үчүн жети жылга эркинен ажыратылган жана чарба иштерин аткарууга тергөө изоляторуна которулган.

«Фергана» агенттиги камалган адам 18-май күнү Асановдун үйүнө жумушка алып бара жаткан мезгилде качып кеткенин маалымдаган эле.

Интернет баракчанын маалыматы боюнча, аны саат 15:00те «кебез кагаз комбинатынын жанынан, мас абалда» табышкан.

«Фергананын» башкы редактору Даниил Кислов «Клооптун» кабарчыларына качуу жана камактагылардын Асановдун үйүнө жумушка алынып баргандыгы тууралуу №5 тергөө абагында отурган бирөө айткандыгын билдирди.

Кислов булак тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, аны «100 пайыз ишенимдүү» деп атады.

ЖАМКтын басма сөз кызматы «Фергананын» маалыматын «бирөөлөрдүн фантазиясы» деп атады.

«Клооп» Ош тергөө абагындагы камактагылар же алардын адвокаттары менен байланыша алган жок.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкарап кызы