Парламент электроэнергиянын баасын тескөөгө алат

Президент Алмазбек Атамбаев электроэнергиянын баасы парламент менен макулдашылышы керек болгон мыйзамга кол койду. Эл өкүлдөрү мындай кадам калктын арасында нааразычылыктарды азайтарына ишенишет, ал эми серепчилер муну «натыйжасыз чечим» деп аташууда.

Парламенттин депутаттары өткөн жылдын декабрь айынан бери электроэнергиянын тарифтерин парламент жөнгө салышы керектигин талашып келишкен. Алардын ою боюнча, мындай жол менен «мамлекеттин жана калктын кызыкчылыктарынын тең салмактуулук принциби» сакталмакчы.

Электроэнергиянын баасынын көтөрүлүшү 2010-жылкы төңкөрүштүн себептеринин бири болгон. Бул тууралуу мыйзамдын демигечилеринин бири «Республикачы» депутат Урмат Аманбаева эскертти.

«Эгер энергетика министрлиги эч кандай себептерсиз эле тарифтерди жогорулата берсе, сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин каршылыгы болот», — дейт депутат айым.

Мыйзам долбоорунун дагы бир демилгечиси «Ар-Намыс» партиясынан Кожобек Рыспаев энергетика министрлиги калк менен макулдашпастан туруп бааларды жогорулатканда, кыргызстандыктардын «тынчын кетирет» деп эсептейт.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгер министрлик тарифтерди көтөрүүнү кааласа, бул жөнүндө сунушун парламенттин талкуусуна киргизүүгө милдеттүү.

Энергетика министрлиги аталган мыйзам боюнча комментарийлерин бир жумадан кийин берерин айтты.

Туруктуулукту сактоо чарасыбы же үзүрсүз чечимби?

Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев мыйзамды кабыл алууну «туруктуулукту сактоо чарасы» катары көрөт. Анын айтымында, эми депутаттар элдин нааразычылыгын жаратпай, энергетика жаатында баалардын коюлушуна таасир тийгизе алышат.

«Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы, тилекке каршы — монополдошкон тармак. Ошондуктан мамлекет сөзсүз түрдө орнотулуп жаткан баалардын эң бийик көрсөткүчүн аныкташы керек», — дейт клубдун башчысы.

Экономикалык илимдердин доктору Айылчы Сарыбаев энергетика министрлигин «коррупцияланган» мекеме деп атап, баалардын парламент тарабынан тескөөгө алынышы «жакшы пикир» дейт.

Мындай пикир менен Борбордук Азия эркин рынок институтунун изилдөөлөр бөлүмүнүн серепчиси Есен Джуманов макул эмес. Анын айтымында, баалардын парламент менен макулдашылуусу «үзүрсүз чечим».

«Жогорку Кеңеш — баарынан мурун эл тарабынан шайлангандар, ошондуктан аларга шайлоочулардын колдоосу маанилүү. Алар электроэнергияга болгон тарифтерди көтөрбөй коюшат», — дейт Джуманов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электроэнергиянын баасы — бир киловатт саатына 70 тыйынды түзөт – мындай көрсөткүч 2010-жылы убактылуу өкмөт тарабынан орнотулган.

Джумановдун пикиринде, бул акча өлкөнүн энергетика тармагын колдоого жетишсиз.

«Азыр бардык аргументтер тарифтерди жогорулатуу инфраструктураны жакшыртууга, өзүн актоо үчүн каражатка ээ болууга жана сапатын жакшыртуу үчүн зарыл экенине келип такалып жатат», — дейт Джуманов.

Анын айтымында, аталган мыйзам тарифтерди энергетика тармагына керек болгон деңгээлге чейин көтөрүүгө мүмкүндүк бербейт.

«Жогорку Кеңеш көбүрөөк калктын маанайына карашат. Натыйжада өлкөнун энергетика сектору азыркыдан да начарлайт», — деп Джуманов пикири менен бөлүштү.

Сиздин оюңуз боюнча парламент электроэнергиясынын бааларын аныкташы керекпи? Сиз электроэнергиясы үчүн канча төлөөгө даярсыз? Төмөндөгү формага комментарийлериңизди калтырыңыз

Автор: Александар Ли

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы