Маданият министрлиги кыргыз киноклассикасын санариптештирүүгө каражат издөөдө

Совет заманында «Киргизфильмде» жарык көргөн, бирок Орусиянын мамлекеттик фильм фондундагы он тасма жакында санариптештирилиши мүмкүн. Маданият министрлиги бул үчүн демөөрчүлөрдү издеп, Орусия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстандын маданият министрлиги орусиялык Мамлекеттик фильм фонду менен совет доорунан калган кыргыз тасмаларынын классикаларын санариптештирүүгө жеңилдик көрсөтүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Министрликтин алдындагы кинематография департментинин жетекчиси Мухтар Бектеналиев «Клоопко» берген интервьюсунда, «Кыргызфильм» жана кинематографияны өнүктүрүү фонду болуп, азыр демөөрчү издеп жаткандыгын маалымдады.

Министрлик санариптик түрдө алгысы келген тасмалардын арасында 1965-жылы «Кыргиыфильмде» тартылган Андрей Кончаловскийдин алгачкы «Биринчи мугалим» тасмасы бар.

РОрусиянын Мамлекеттик фильм фонду «Клооптун» кабарчысына Кыргызстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады, бирок алардын стадиясын жана жыйынтыктарын тактап айткан жок.

Санариптештирилүүсү мүмкүн болгон тасмалар:

  • «Биринчи мугалим», режиссёру Андрей Кончаловский, 1965-жыл;
  • «Жер эне», режиссёру Геннадий Базаров, 1967-жыл;
  • «Караш-караш окуясы», режиссёру Болот Шамшиев, 1968-жыл;
  • «Кызыл алма», режиссёру Төлөмүш Океев, 1975-жыл
  • «Ак кеме», режиссёру Болот Шамшиев, 1976-жыл.

Кинотасмалардын түп нускалары Москвага тапшырылган кезде, «Кыргызфильмде» көчүрмөлөрү бар болчу, бирок аларды сактап калуу мумкун болгон жок. Алар бүгүн «кейиштүү» абалда, деп «Клоопко» режиссёр Геннадий Базаров маалымдады.

«Азыр ал көчүрмөлөрдү көрүү мүмкүн эмес, себеби алардын бардыгы сүрүлүп, үзүлүп, тытылып, аябай коркунучтуу абалга келип калган», —деди режиссёр-классик. Анын тасмалары да санариптештирүү тизмесине киргизилген.

«Москвада нускалардын бар болгону аябай жакшы», — дейт Базаров.

Бектеналиевдин айтымында, Орусиянын мамлекеттик фильм фонду Кыргызстанга «Киргизфильмдин» тасмаларынын плёнка түрүндөгү нускасын берүүнү сунуштаган, бирок Бишкекте мындай пикирден баш тартышты.

«Мамлекеттик фильм фонду бизден пленкаларды алып кетесизерби деп сурады. Бирок биздин аларды ташып алып келүүгө жана сактоо шарттарын түзүүгө каражатыбыз жок», — деди Бектеналиев.

Ушул себептен тасмаларды санариптештирип, көчөрмөсүн алалы деп жатабыз, деп Бектеналиев кошумчалады.

Автор: Гүлзара Бакаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы