Оштун бийлиги борбордук көчөөлөрдүн бирин узартуу үчүн жыйырма эки үйдү бузат

Ош шаарынын бийлиги Масалиеа и Набережная борбордук көчөөлөрүн Монуев көчөөсү аркылуу байланыштырууну пландаштырып жатышат. Бул үчүн 22 үйдү бузуу керек. Үйлөрдүн жашоочулары сунушталган компенсацияларга макул эмес.

Монуев көчөөсү, Оштун мэриясынын пландарына ылайык, 480 метрге узартылат.

Анын жаӊы бөлүгү түштүк борборубуздун эӊ жандуу Масалиев көчөөсү менен Ак-Буура дарыясын бойлогон Набережная көчөөсүн байланыштырат.

Көчөөнүн жаӊы бөлүгү үчүн бузулуучу үйлөрдүн тургундары менен келишимдерди түзүүдө.

Монуев көчөөсүнүн жаӊы бөлүгүн куруу качан башталары азырынча так белгисиз.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куруу үчүн 40 миллион сом бөлүнөт.

Оштун вице-мэри Рустам Мирзаматовдун айтымында, үйлөрдүн тургундарына компенсациялар төлөнөт, же шаар ичинен башка жер участоктору берилет.

«Ар бир үй ээси менен өз өзүнчө иш алып барабыз. Эгер жер участогун алгысы келсе, макул алышсын, биз компенсация кылып беребиз. Акча менен алабыз дешсе, акча менен беребиз», — дейт Мирзаматов.

Мэриянын атайын комиссиясы ар бир үй-бүлө үчүн компенсацияны өз алдынча белгилөөдө, бирок бузулганы жаткан үйлөрдүн тургундары пландаштырылып жаткан зыяндын компенсациясы жетишсиз экендигине арызданып жатышат.

Бузула турган үйлөрдүн биринин тургуну Ханифа Нурматова компенсациянын суммасын көбөйтүү керектигин айтты.

Анын айтымында, бийлик ага 17 миӊ доллар (800 миӊ сомдон бир аз көбүрөөк) убада кылышкан, бул сумма үйүн жана ага туташ алты сотук жерди компецациялоого жетишсиз.

Манзура Махмудова жол курулушунун ордуна дүкөн ачканы жаткан, бирок эми ишкерликтен баш тартканы мажбур болуп жатат.

«Биз эки бөлмөлүү азык-түлүк дүкөн ачууну каалап жатканбыз. 147 миӊ сом компенсация беребиз дешти, бул аябай аз да. Эми эле ачканы жатканбыз. Аталган акчага биз контейнер да сатып ала албайбыз. Биз аябай нааразыбыз», — дейт ал.

Оштун бийлиги болсо, бардык маселелерди талкууга алуу үчүн тургундар менен чогулуш өткөрүүгө даяр экенине убада беришуудө.

Автор: Нуржамал Мураталиева

Редакторлор: Айзат Шакиева и Эльдияр Арыкбаев