«Дизель» бир сутка иштебей тургандан кийин маалыматтарынын бир бөлүгүнөн ажырады

Кыргызстандын эң популярдуу интернет баракчасы — «Дизель» форуму бузулганынан мурунку бир сутка ичинде колдонуучулары жазган билдирмелеринин бардыгын жоготуп алды.

Интернет баракчанын ишке жөндөмдүү абалга келип калганы 24 май күнү саат 11 чамасында маалым болду.

«Дизель» дээрлик бир сутка иштеген жок.

Баракчанын бузулгандыгы туураснда биринчи болуп маалымдаган Модератор MIl өзүнүн «Дизелдеги» блогуна администрация маалымат базасын толугу менен калыбына келтире албагандыгын жазган.

MIl «Кечээги күнгө чейинки маалымттардын баарын калыбына келтирели дедик – натыйжа чыкпады. Мурдагы күнгө чейинкисин калыбына келтирдик», — деп жазып, 23-майдагы маалыматтардын калыбына келбей калганын билдирди.

Ошентип, «Дизель» бузулганына чейинки акыркы бир сутка ичинде калтырылган дээрлик бардык билдирүүлөрүнөн ажырап калды.

Баракчанын модератору маалымат базасынын бузулганынын себеби баракчаны колдоо үчүн кубаттуулуктун жетишсиздиги экенин билдирди. Форумдун администрациясы эки жумадан кийин жаңы жабдуулардын келерин күтүп жатышат.

«Даттануулар жана Сунуштар»

Форумдун негиздөөчүсү жана башкы администратору Малик Абдугалыев «Даттануулар жана Сунуштар» рубрикасында жаңы тема түзүп, колдонуучуларын ал жерде 24-май күнү эртең мененки бузулуулардан кийин пайда болгон көйгөйлөр тууралуу билдирүүгө чакырды.

«Көйгөйдү атоодо анын толук сурөттөп, кайсыл жерде эмне туура эмес болуп жатканын айтууңарды суранам. Сураныч, билдирүүлөр, сүрөттөр жана башка өзүңүздөр кайра калыбына келтире ала турган маалыматтардын жоголуп кеткени тууралуу арыздардан баш тартыңыздар. Пайдасыз сын пикирденден да баш тартууңуздарды суранам», — деп жазган Малик.

Мындай кайрылуунун чыгышынан жарым саат өтпөй колдонуучулардын реакциялар келе баштады.

Фиолетовая леди лакап аты менен катталган колдонуучу күн бою баракчага кире албай жатканын, маалымат базасы калыбына келгенден кийин форумдун колдонуучулардын эсепчиси көрүнбөй калганына арызданган.

«Болжол менен бул жерде колдонуучулардын жана коноктордун саны корунчу» — деп жазат колдонуучу, баракчанын скриншотун коюп, анын үстүндөгү мурдагы эсепчинин ордун белгилей.

«Дизелдик» Guantanamo лакап аттуу колдонуучу «Кийимдер» бөлүмүндөгү 23-май күнү түзүлгөн теманын жоголуп кеткенине арызданган.

Guantanamo «Кечээ анны ачып алып түнкү саат экиге чейин сүрөттөрдү жайгаштыргам, жүздөн ашык сүрөт бар эле, аларды кайра калыбына келтирүү аябай кыйын болот. Сиздердин жардамыңыздарга үмүт кылам», — деп жазам.

Аталган арызга Маликтин жообу бир сааттын ичинде келип түшкөн. Башкы администратор 23-май күнкү маалыматтарды калыбына келтирүүгө мүмкүн эместигин эскертти.

«Эми аны менен эч нерсе кыла албайбыз», — деп жооп жазган.

Администраторлор баракчанын жумушунда дагы бузулуулар болушу мүмкүн экенин билдиришип, колдонуучуларды маанилүү жеке маалыматтардын көчүрмөсүн алуусун суранышты.

«Дизель» 1998-жылы ачылган жана ошондон бери 80 бөлүмгө чейин өсүп өнүккөн. Аларда колдонуучулар саясаттан баштап, үй жаныбарларын сатууга чейин ар кандай темаларды талкуулашат.

Форум 2005-жылкы революциялардан кийин мародёрлорго каршы күрөшүүчү дружиналардын уюшуусунда чоң роль ойногон. Ошондон бери аталган форум саясий жактан активдүү адамдардын арасында айрыкча популярдуу болуп калган.

2006-жылдын 8-апрель күнү «Дизель» форуму аркылуу алгачкы ири нааразычылык акциясы уюштурулган. Анда колдонуучулар кылмыштуу топтун башчысы деп эсептеген Рыспек Акматбаевдин парламенттик шайлоодо катышуусуна каршы чыгышкан.

Бул окуядан кийин форумдун жетекчилиги эрежелерди катуулатып, форумда массалык чогулууларга чакырууга тыюу салган.


Которгон: Нураида Абдыкапар кызы