Электроэнергиянын үзгүлтүккө учурашы баткендиктерди жалгыз жергиликтүү радиостанциясыз калтырды

Баткендеги жалгыз жергиликтүү «Салам» радиостанциясынын жабдуулары электроэнергиясын берүүдөгү үзгүлтүктөрдүн айынан күйүп кеткен. Станция болжол менен бир айдан бери иштебей келет. Жетекчилик радио жакында кайра эфирге чыгарын билдирүүдө.

Баткен облусундагы жалгыз радиостанция – «Салам» – ток шыкалуулары жабдууларды зыянга учураткандан кийин, берүүгө чыкпай калган.

«Салам» радиосунун негиздөөчүсү жана мурдагы директору Максуда Айтиеванын айтуусунда, станция биринчи жолу мындай узак мөөнөткө берүүсүн токтотууда.

«Мурда бизде студиялык бузулуулар болчу, бирок берүүлөр менен байланышкан… Мындай техника буга чейин бузулган эмес», — деп түшүндүрдү Айтиева.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда мындай жабдуулар жок болгондуктан, эми аларды чет өлкөлөрдөн тапшырык берүүгө туура келет.

Радионун жетекчилиги эмки жумада жабдууларды калыбына келтирүүгө убада берди.

«Саламдын» эфирде жоктугу Баткен облусунун көп тургундарын, айрыкча алыскы райондорун жергиликтүү кабарларсыз калтырды.

«Салам» облустун көпчүлүк тургундары үчүн – аймакта болуп жаткан окуялар тууралуу жалгыз маалымат булагы.

Баткен облусунда жергиликтүү Баткен-ТВ телевидениеси бар, бирок ал облустун борбору Баткен шаарынын тышында начар көрсөтөт, дейт жергиликтүү жашоочу Дильшат Мавлянов.

Алыскы айылдардын жашоочулары жаңылыктарды гезиттер аркылуу гана ала алышат. Мындай учурда, бирок, алар эки көйгөйгө туш болушууда – биринчиден,гезиттерге акча төлөө зарыл, экинчиден болсо, гезиттер ар бир эле айылга жеткириле бербейт, дейт Лейлек районунан Канышай Шайбекова.

Анын айтуусунда, «Саламды» алыскы райондордо жергиликтүү кабарлар, көңүл ачуучу оюндар жана куттуктоолор үчүн угушчу.

«Салам» — 2000-жылы негизделген жана Баткен облусунун бардык аймагында жана Жалал-Абад облусунун түштүк бөлүгүндө, ошондой эле Өзбекистандын Фергана өрөөнүнүндөгү бир нече облустарында жаңырган маалыматтык-көңүл ачуучу радио.

Редакторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы