Журналист Фарафоновго сот өкүмүн чыгаруу 5-июнга жылдырылды

Биринчи май райондук соту 24-майдагы отурумда журналист Владимир Фарафоновго өкүм жарыялаган жок. Сот өкүмдү 5-июнда чыгарарын билдирди.

Сот Фарафоновдун иши боюнча 5-июндагы соттук отурум акыркы болоруна убада берди.

Журналистти «Русское единство» кыймылынын интернет баракчасы жана башка бир нече интернет-басылмаларында жарыялаган бир катар публикациясы менен улутар арасы жаңжал чыгарган деп айыпталып жатат.

Прокурор Фарафоновду сегиз жылга жатак-абака эркинен ажыратууну талап кылууда.

Сот өкүмү 24-май күнү чыгары күтүлүп жаткан, бирок Биринчи май райондук соту Алмазбек Молдобеков аталган иштин бардык маалыматтары менен таанышып чыгуу үчүн сотко убакыт керек экенин билдирген.

«Сотко өкүмдү иштеп чыгуу үчүн убакыт керек», — деди Молдобеков.

Сот Фарафоновго чыгарылуучу өкүм — журналисттерге каршы ачылган иштерди кароодо прецедент жаратышы мүмкүн болгон «чечүүчү документ» экенин белгиледи.

Владимир Фарафонов менен Мамлекеттик улуттук коопсуздуктун комитети арасындагы соттошуу үч айдан бери уланып келдүүдө — МУУК журналистти национализмде жана өзүнүн публикациялары аркылуу улутар арасы жаңжал чыгаргандыгына күнөөлөөдө.

Кыргызстандын укук коргоо органдарын кызыктырган маалыматтардын арасында Фарафоновдун «Русское единствонун» интернет баракчасындагы макаласы болгон. Аталган макалада ал 2010-жылдагы улуттар арасы тополоңду сүрөттөп жатып, «кан жана жазасыздыкдан жырткычтанган масс абалдагы негизинен айылдык жаш кыргыздар жашы жете элек өзбек балдардын баштарын алып жатышты», деп жазган.

Кооптуу прецедент

Илимдер академиясынын экспертизасы журналист Фарафоновдун беш макаласында улутар арасы жаңжал чыгаруунун белгилерин таап көрсөткөндөн кийин, ага тергөөнүн маалыматтары боюнча компьютеринен өчүрүп салган дагы 11 макаласы тууралуу күнөө коюлган.

МУККнын кызматкерлеринин маалыматтарына карганда, Фарафоновдун компьютеринде кайра калыбына келтиринлген, бирок журналист табылган тексттерди «атайын ойлоп табылганын» айтып, өзүнүн авторлугун танууда.

Фарафонов өзү макалаларынын националисттик мүнөздө экендигин четке кагып, эч кимге акарат кылуу ниети жок болгонуна ишендирүүдө.

Өзүнүн күнөөсүздүгүнө далил катары анын үй-бүлөсүнүн улуттар аралык мүнөзүн көрсөтүүгө болот. Журналисттин айтымында, анын үй-бүлөсүндө «кыргыздар да, орустар, казактар, татарлар, украиндер, ал турсун индустар менен малаецтер да бар».

Акыйкатчы Турсунбек Акунга кошо сот процессинин сынчылары кыргызстандын бийлигин бир тараптуулукта айыптап, улуттар арасы жаңжал чыгаргандыгы үчүн басма сөздө жарыяланып жаткан кыргыз тилдүү националисттер куугунтуктоого алынбагандыгын билдиришүүдө.

Фарафоновдун өзү мурунку отурумда, эгер ага катуу өкүм чыгарыла турган болсо, бул журналисттерди соттук куугунтукка алууда кооптуу прецедент болуп калышы мүмкүн экендигин билдирген.

Автор: Евгений Погребняк

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы