Футзал боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан жеңилүү менен баштады

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы 25-майда Бириккен Араб Эмираттарында башталган Футзал боюнча Азия чемпионатында Таиланддык атаандаштарына 0:2 эсеби менен жеңилип калышты.

Матчтын аягына чейин жети мүнөт калганда, Таиланд эсепти ачкан кезде — Апиват Чаемчароэн Супхавут Туэнклангдын соккусун тосту.

40 мүнөттүк таймаштын аягына бир мүнөт калганда Ареф экинчи топту киргизип, Түштүк-Азиялык команданы алдыга чыгарды.

Ошентип, Кыргызстан биринчи оюн күнү А тобунун акыркы орунунда болуп калды.

Аталган топтун башка матчында Бириккен Араб Эмираттарынан турнирдин ээлери 3:1 эсеби менен Түркменистандан озуп чыгышты.

Кыргызстан менен болгон матчтын жүрүшүндө Таиланд көбүнчө үстөмдүк кылып жатты.

Кыргызстандыктардын бир нече чабуулдарына таиланддык футзалисттер дарбазачы Кирилл Ермолов жана экинчи мөөнөттө аны алмаштырган Николай Шамохиндин дарбазасын соккуга алуу менен жооп берип жатышты.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов таймаш бүткөндөн кийин атаандаштардын үстөмдүгүн мойнуна алып, оюнчуларынын таиланддыктардын ойноо темпи менен тең тайлаша албай калгандынын айтты.

«Мнеимче, биздин атаандаштар бүгүн бизден күчтүүрөөк , анан да ылдамыраак болушту», — деди Муканов таймаштан кийинки басма сөз конференциясында.

26-май күнү кечинде Кыргызстанды эң катуу сыноо — турнирдин ээси Араб Эмираттарына каршы оюн алдыда турат.

Ал оюнда женилип калышса, курама команда чейрек филанга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарат.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы — Азиядагы эң күчтүү командалардын бири.

Анын эң бийик жетишкендиги 2005-жылы континенталдык биринчиликте 3-орунду Өзбекстан менен бөлүшкөнү болгон.

2012-жылдын футзал боюнча Азия чемпионатынын алгачкы күнүнүн жыйынтыктары:

A тобу:

ОАЭ — Туркменистан — 3:1 (1:1)

Таиланд — Кыргызстан — 2:0 (0:0)

B тобу:

Япония — Ливан — 3:2 (2:1)

Тайвань — Таджикстан — 4:6 (3:0)

C тобу:

Австралия — Катар — 3:1 (1:0)

Иран — Түштүк Корея — 14:1 (6:0)

D тобу:

Өзбекстан — Кувейт — 1:1 (1:1)

Индонезия — Кытай — 2:5 (1:1)

Автор: Бектур Искендер

Фото: Азиалык футбол конфедерациясынын сайтынан алынды

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы