Транспорт министрлигинин алдындагы байкоо кеңеши айлар бою соттошуудан кийин кайра калыбына келтирилет

Транспорт министрлигинин алдындагы байкоо кеңеши Бишкек райондор аралык сотунун өкүмүнө ылайык калыбына келтирилет, дейт анын жетекчилиги. Кеңеш 2011-жылдын декабрь айында министрликтин дарегине «коррупцияда» айыптоолор келип түшкөндөн кийин жоюлган.

2011-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги адындагы Коомдук байкоочу кеңеш (КБК) президенттик аппараттык мурдагы жетекчиси Эмиль Каптагаевдин буйругуна ылайык, таратылган эле. Бишкектин райондор аралык соту аталган буйрукту жокко чыгарды.

Бул тууралуу КБКнын башчысы Азис Абакиров алгач «Фэйсбуктагы» баракчасында, андан соң журналисттерге берген интервьюсунда маалымдады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мындай маалыматты ырастады.

КБК 2011-жылдын декабрь айында андан эки ай мурун транспорт министрлигин «коррупциялык схемаларда» айыптагандан кийин, жоюлган.

Тактап айтканда, КБК ошол убакта транспорт министрлиги «жол куруу тармагын уратты», деп жарыялаган.

КБКнын башчысы Азис Абакиров «Клоопко» берген интервьюсунда төрт ай сүргөн соттошуулардан кийин аталган орган кайра калыбына келерин билдирди.

Ал президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси Жанторо Сатыбалдиев кеңешти калыбына келтирүүнү каалаган КБКнын мүчөлөрүнүн абалын түшүнүп Каптагаевдин буйругун жокко чыгарганын билдирди.

Күзүндө КБК транспорт министрлигин коррупциялык схемаларда айыптаганда, министрлик жооп катары кеңештин мүчөлөрү маселелерди түшүнбөй, өздөрүн «адекватту эмес» алып жүрүп жатат деп жарыялаган жана анын негизинде байкоо кеңеши таратылган.

КБК министрлик кеңешке кысым корсөтүүдө, деп билдиришкен.

«Бир ай мурун биз Транспорт министрлигинин жетекчилигине кайрылуу жасадык. Кайрылууда ага жол куруу тармагын ураткандыгы үчүн ишенимсиздигик билдиргенбиз. [...] Бизге кысым көрсөтүп, ар түрдүү сунуштарды жжасап башташты. [...] Эми болсо, президенттин аппараты КБКны таратып салды. Демек, ал министрликтеги коррупцияны колдойт», деген Абакиров декабрдагы билдирүүсүндө.

Абакировдо Бишкек райондор аралык сотунун КБКнын кайра калыбына келүүсү жөнүндө токтому жок, ал эми мындай чечим кабыл алган соттон комментарий алуу мүмкүн эмес болуп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Баяман калыбына келген КБК коомдогу «кичи топтордун» эмес, бардын жарандардын кызыкчылыктарын коргошун үмүт кылат.

Ал «Клоопко» берген интервьюсунда КБКнын иш-аракетинен министриктин коомчулук менен өз ара алып баруусунун жакшыруусун күтөрүн айтты.


Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы