Жалал-Абад: Жергиликтүү финансылык пирамиданын түзүлүүсүнө шектүүлөр колго түштү

Жалал-Абаддын төрт тургуну «Даймонд-Холидей» аттуу «финансылык пирамиданы» түзгөндүгү үчүн айыпталууда. Пирамида алгачкы салымды 170 пайызы менен кайрып берүүгө убада берген жана андан 1000ден ашык адам жабыр тарткан.

Жалал-Абад облустук иш башкаруусу төрт айыпталуучунун үчөөнүн кармагандыгын айтты.

Аларды милициянын билдирүүсү боюнча 1150 адам жабырлаткан жана аларга жалпысынан 65 миллион сомдук зыян келтирген «Даймонд-Холидей» «Финансылык пирамидасын» түзгөндүгү үчүн айып тартылууда.

«Алал мыйзамсыз жана документтерсиз “Даймонд-Холидей” компаниясын адамдарды алдоо үчүн ачышкан», – дейт аталган ишти изилдеп жаткан Жалал-Абад облустук ишки иштер башкармасынын тергөөчүсү Абдыкайым Ташматов.

Анын айтуусунда, «финансылык пирамиданын» негиздөөчүлөрү адамдарды 370 АКШ долларын (17 миң сомдон ашык) жаткырууга чакырышкан. Андан кийин алар дагы эки жаңы аманатчы тартышса, 1000 АКШ долларын (47 миң сомдон ашык) алышмак.

Колго түшкөн үчөө учурдаЖалал-Абад облустук ИИБдин убактылуу абагынын изоляторунда.

Шектүүлөрдүн биринин жактоочусу Таалайбек Сейдалиев «Даймонд-Холидейдин» ишкердиги «толугу менен мыйзамдуу» болгонуна ишендирүүдө.

«Бул финансылык пирамида эмес, [...] алар юстиция министрлигинде катталган, алардын өзүнүн уставы бар [...] Алар салымдардын бардыгын журналга катташкан, квитанциялары да бар», – дейт жактоочу.

Анын айтуусунда, компаниянын башкы кеңсеси Казакстанда жайгашкан.

Жактоочу укук коргоочу органдар шектүүнү «эч кандай далилсиз камашканын» айтууда.

«Аларды 28-апрель күнү кармашкан, документтердин текшерүүсүн эми гана башташты. Алар эч кандай далилсиз аларды кармап отурушту», – дейт Сейдалиев.

Башка шектүүлөрдүн жактоочулары комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Даймонд-Холидейдин» ишкердигинен жабыр тарткандар уюмга кирүү үчүн буюмдарын ломбардга берип жана карызга акча алгандарын айтышууда.

Ветеринардык клиниканын врачы Миясар Абылакимова «Даймонд-Холидейдин» кызматкери акча салуу үчүн адамдарды тартууга анын туулган шаары Ноокенге келгенин айтты.

Абылакимова акчасын жаткыргандан кийин, ал аял «жоголуп кетти», дейт ветеринар.

«Мен кирдим, жана дагы сегиз адамды киргиздим. Бардыгы акча жаткырышты, так бир жумадан кийин алар оюн бүткөнүн айтышып, биздин акчабыз менен жоголуп кетишти», – дейт жабырлануучу.

Ноокендеги клиникаларын биринин лаборанты Алмагуль Ибраева «Клоопко» берген интервьюсунда пирамидага кирүү үчүн тааныштары менен Жалал-Абадка баргандыгын айтты.

«Бизге топ болуп кирсек, тезирээк пайда табарыбызды айтышкан. Ошон үчүн биз 16 адамдык топ болуп барганбыз» – деди Ибраева.

Гульжамал Кудайбердиева акчасын үч күндүн ичинде кайра аларын убадалашкан.

Үч жабырлануучу тең акчаларын кайрып берүүнү талап кылышууда.

Областтык ИИБ тарабынан Кыргызстандын Жаза кодексинын 166-беренеси (олуттуу көлөмдө көз боемочулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Гулбадам Камчыбекова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы